Мигранттар Кыргызстанга которгон каражат жарым миллион долларга өстү

© AFP / MAHMUD TURKIAАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Которулган каражаттардын 90 пайызы Россиядан келет

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. 2017-жылдын он айында чет өлкөдө иштеген мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 288 миллион доллар которгон. Бул туурасында Улуттук банк маалымдайт.

Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант кантип тузакка түшөт. 100 млн. рублга алданган Россиядагы кыргыздар
Мурдагы жылдын январынан октябрь айына чейин мигранттар 1 миллиард 834,63 миллион доллар которгон болчу. Муну менен былтыр өлкөгө которулган акчанын көлөмү 502 миллионго көбөйгөнүн байкоого болот.

Россиядагы мигранттардан 2 миллиард 244,66 миллион (2016-жылы ушул аралыкта 1 миллиард 786,15 миллион) доллар которулган. Калганы башка алыскы өлкөлөрдөн жана Казакстандан жөнөтүлгөн.

Маалыматтар боюнча чет жакта миллинго чукул кыргызстандык эмгектенет. Алардын 80 пайызга жакыны Россияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0