Новиков: мade in Kyrgyzstan бренди Россиянын рыногунда бекемделип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экономика министри Артем Новиков Бишкекте өтүп жаткан VI кыргыз-орус регионалдык конференциясында
Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков Бишкекте өтүп жаткан VI кыргыз-орус регионалдык конференциясында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Новиков Кыргызстандын аймактары Россия менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Made in Kyrgyzstan бренди Россиянын рыногунда өз ордун таап, сапатына татыктуу баа берилди. Бул тууралуу экономика министри Артем Новиков Бишкекте өтүп жаткан VI кыргыз-орус регионалдык конференциясында сүйлөп жатып айтты.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ишкер чөйрөнүн адамдары катышууда.

Новиков кыргыз-орус ишкерлеринин активдүүлүгү кубандырып жатканын белгиледи.

"Мындайды күткөн эмесмин. Бул жерде ашып кетсе 350 адам болот деп ойлогонбуз. Бирок 500 адам келиптир. Мындай темп менен эки өлкөнүн мамилеси бекемделе берерине ишенем. Ошондой эле россиялык кесиптештериме конференцияны уюштурууга колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирем", — деди министр.

Анын айтымында, Россиянын ири субъектилери менен жакшы байланыш түзүлдү.

Премьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковдун 100 күндүк премьерлиги. Өкмөттүн ишине көз жүгүртүп
"Кыргызстан ЕАЭБге кошулганына эки жыл болду. Бүгүнкү күндө бизнес этап-этабы менен анын шарттарына көнө баштады. Продукциялардын стандарттары менен таңгактары стандартка ылайык келип, Россиядагы атаандаштыкка турукштук берүүдө", — деди Новиков.

Министр 10 айдагы товар жүгүртүү былтыркы көрсөткүчтөн ашып түшкөнүн белгиледи. 200 миллион доллар — бул Кыргызстандын Россияга жасаган экспорту. Кыргызстан бул өлкөгө негизинен айыл чарба продукциясын, текстиль жана сүт азыктарын жөнөтүп турат.

"Биздин продукциялар россиялык керектөөчүлөр тарабынан татыктуу баасын алды. Бүгүнкү күндө региондор Россия менен кызматташууга кызыкдар. Учурда бир нече келишимдер түзүлдү", — деди Новиков.

Ал ошондой эле товар жүгүртүү көлөмү жогорулап, карапайым элдин абалы жакшырып жатканын айтуу менен made in Kyrgyzstan бренди Россия рыногунда бекемделип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0