11:34 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери тыйыны

Кыргызстанда коллекциялык жаңы монеталар сатыкка чыгат. Сүрөт

© Фото / Нацбанк КР
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
149 0 0

"Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери" аттуу монета эки түрдө — күмүш жана жез-никелден жасалган, "Каркыра" тыйыны күмүштөн гана жасалган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. 7-декабрдан тарта "Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери" жана "Кыргызстандын Кызыл китеби" сериясындагы "Каркыра" коллекциялык монеталары колдонууга чыгат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. 

Коллекционная монета Тяжеловооруженный воин Кыргызского каганата который вводится в обращение Национальным банком КР.
© Фото / Нацбанк КР
"Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери" коллекциялык монетасы

"Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери" коллекциялык монетасы "Кыргыз каганатынын доору" сериясындагы бешинчи монета, ал Улуу Кыргыз каганатынын түптөлүшүнүн 1170 жылдыгына арналган. Баасы 3150 сомду түзөт. 

Монета Журавль-красавка изготовленная только из серебра
© Фото / Нацбанк КР
"Каркыра" коллекциалык монетасы

Монетанын алдыңкы бетинде локалдык оксиддирлөө технологиясын колдонуу менен куралданган жоокердин элеси түшүрүлгөн. Тыйындын четин тегерете "Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери" жазуусу, сол жагында монетанын 10 сом деген номиналы жазылган.

Ал эми "Каркыра" коллекциалык монетасы сейрек кездешүүчү, өзгөчөлөнгөн жашоо принцибин тутунган канаттуулар дүйнөсү жөнүндө кеңири маалымат таркатуу жана алардын коргоого алынышын камсыз кылуу максатында чыгарылган.

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана ага сертификат тиркелип өзүнчө кутучага салынган. Ар бир жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган. Баасы 3000 сомду түзөт.

Тема боюнча

Өзгөчө кооздуктагы жаңы акча. Улуттук банк 2000 сомдук банкнота чыгарды
Улуттук банктын раритет, коллекциялык монеталары аукциондо сатылат
Белгилер:
тыйын, акча, Улуттук банк
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ