14:27 16 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөгөн шайлоо баннери. Архив

Айлык акы, той, мектеп... Талапкерлердин короткон акчасына эмнелер келмек

© AFP 2019 / VYACHESLAV OSELEDKO
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
72330

Президенттикке талапкерлер шайлоо өнөктүгүнө кеминде эле 483,6 миллион сом короткон

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Аны уюштуруу үчүн бюджеттен 671 миллион 502 миң сом каралган, 132 миллион сомун экинчи тур үчүн коротуу пландалган.

Ал эми талапкерлер үгүт иштерине кеткен каражатты өз шайлоо фондусунан жумшаган.

Миллион, миллион, миллиондор

Шайлоого катышкан 11 талапкер 16-октябрга алынган маалыматка ылайык, шайлоо кампаниясына 470 миллион 509 миң сом короткон.

Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бакыт Төрөбаев менен Камчыбек Ташиев шайлоого катышуудан баш тартканы менен үгүт иштерине каражат коротууга үлгүргөн, маалымат боюнча экөө 14 миллион сомдон ашык каражат жумшаган. 

Ошентип шайлоо өнөктүгүнө кеткен чыгымдар 483 миллион 589 миң 749 сомду түзгөн, же Улуттук банктын расмий курсу менен эсептегенде 7 миллион 67 миң долларды түзөт.

Акча коротуу жагынан Өмүрбек Бабанов алдына эч кимди чыгарган эмес, жалпысынан 240,6 миллион сом сарптаган. Ал эми эң аз 1,5 миллион сомду Адахан Мадумаров короткон.

Бул каражатка эмне салсак болмок?

Sputnik Кыргызстан агенттиги коротулган бул каражатка эмне салып, эмне сатып алууга болмоктугун эсептеп көрдү.

Кыргызстандагы онкологиялык оорудан жабыркагандарды дарылоочу жабдык сатып алуу үчүн акча чогултулган. Анын баасы 3,5 миллион доллар турат. Өлкө боюнча мындай жабдыктардын 20сы керек. Ошентип талапкерлер менен алардын тарапташтары короткон акчага эки жабдык сатып алууга болмок.

Жаңы автоунаа

Бишкекте Тез жардам кызматынын автоунаалары тартыш экени бардыгына эле белгилүү болсо керек. Учурда алардын карамагында болгону 38 гана машина бар. Талапкерлердин үгүт жараянына короткон акчага 235 жаңы машина же 47 реанимобиль келмек.

Шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кытай өндүрүшүнөн чыккан 176 автобус сатып алсак болмок. Бир автобустун баасы 40 миң долларга бааланат.

Мектепке жардам

Класска батпай, бир партада үчтөн отурган окуучулар бар. Бул дагы чечилбей жаткан чоң көйгөйлөрдүн бири. Курулуш компаниясынан билдиришкендей, 500 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна 120 миллион сом коройт. Башкача айтканда, талапкерлердин короткон акчасына үч мектеп же алты бала бакчасын курууга болмок.

Канча айлык төлөнмөк

Улуттук статистика комитетинин билдиришинче өлкө боюнча орточо айлык акы 14 миң 801 сомду түзөт. Эгер талапкерлердин короткон акчасын бөлө келгенде 32 миң 672 кызматкердин маянасы чыкмак.

Болочок үй-бүлө үчүн

Кыргызстанда 150 кишиге ылайыкташкан орточо тойго 678 миң 800 сом кетет. Талапкерлердин короткон акчасы 712 түгөйдүн тоюна жетмек.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)

Тема боюнча

Төрт тилкеде президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды
КТРК шайлоо учурунда дээрлик 47,5 миллион сом тапкан
Белгилер:
той, талапкер, каражат, шайлоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ