12:51 04 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7946
  • EUR95.7543
  • RUB1.1499
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
CASA-1000 долбоорунун курулушу (12)
149 0 0

Кыргызстан менен Тажикстан жайкысын ашыкча электр энергияны Афганистан менен Пакистанган сатууну көздөйт. Ал үчүн Кыргызстан 450 чакырым узундуктагы электр чубалгыларын курушу керек

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. CASA-1000 долбоорунун алкагында электр чубалгыларын куруу боюнча тендер жарыяланганын "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстан жайкысын ашыкча электр энергияны Афганистан менен Пакистанган сатууну көздөйт. Ал үчүн Кыргызстан 450 чакырым узундуктагы электр чубалгыларын курушу керек.

"Аталган төрт мамлекет эл аралык өнүгүү ассоциациясынан, эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынан, Европа инвестиция банкынан, Ислам өнүгүү банкынан жана башка булактардан CASA-1000 долбоорун каржылоо боюнча акча алды", — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Тажикстан менен Кыргызстандагы электр чубалгыларын кеңейтүү боюнча эки лот жарыяланган. Шарт боюнча келишим түзүлгөндөн кийин 24 айдын ичинде ишти бүткөрүш керек.

Негизинен 500 кВ жогорку чыңалуудагы "Датка" подстанциясынан "Худжент" подстанциясына чейин, андан ары Кабул аркылуу Пешавар станциясына чейин чубалгылар курулушу кажет.

CASA-1000 долбоору боюнча электр энергиясын экспорттоо бир гана жай мезгилине (май айынан сентябрга чейин) каралган.

Долбоордун жалпы наркы 1 миллиард долларды чапчыйт. Анын 233 миллиону Кыргызстанга бөлүнөт. Бул карыз электр энергиясын экспорттоодон түшкөн каражаттын негизинде төлөнөт.

Тема:
CASA-1000 долбоорунун курулушу (12)

Тема боюнча

Кыргызстанда 2018-жылдан баштап жаңы электр түйүндөрүнүн курулушу башталат
Артыкбаев: энергетика системасына жеке менчикти киргизүү керек
Белгилер:
электр энергиясы, CASA-1000 долбоору

ЭҢ МААНИЛҮҮ