Быйыл Кыргызстан Кытайга алча менен коон экспорттойт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүСлавянский консервный комбинат в Краснодарском крае
Славянский консервный комбинат в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы экспорт 129 пайызга өстү

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 2017-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы экспорту 129 пайызга өскөн. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев маалымат жыйында билдирди.

Экспорттук көрсөткүч мал чарбачылыгында жана кайра иштетүү тармагында сыртка чыгарылган азыктардын көлөмү жогорулаганынан улам өскөн.

"Быйыл экспорттук өсүү былтыркыга караганда бир топ жакшы болору күтүлүүдө. Анткени 2017-жылы эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргызстан Кытайга алча менен коон экспорттой баштайт", — деди Чодуев.

Работа сельскохозяйственного рынка в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Катарлыктар Кыргызстанда өндүрүлгөн суу, эт жана бал сатып алууга даяр
Ал ошондой эле экпорттук потенциалдын жогорулашын өкмөттүн "Айыл чарба тармагын каржылоо-5" долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып жатканы менен байланыштырды.

Долбоор алкагында жеңилдетилген насыя алган дыйкан-фермерлердин саны көбөйүп, алар өндүргөн азыктарын сыртка чыгара баштаган.

Чодуев андан сырткары быйыл төө буурчак менен пахтаны жылдагыдан көбүрөөк экспорттоого да өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0