13:59 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8426
  • EUR77.0294
  • RUB1.0928
Бишкек шаарына көрүнүш. Архивдик сүрөт

Бишкекте үйдүн баасы асман чапчыйбы? Адистин пикири

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
297752

Бүгүнкү экономикалык абалыбызды, жарандардын кирешесин эске алганда, Бишкекте турак-жайдын баасы оголе кымбат экенин кыргызстандыктар айтып эле жүрөт. Андыктан, редакция борбордогу батирлердин сатылыш баасы кардардын чөнтөгүнө канчалык туура келерин сураштырып, чет өлкөлөрдөгү баалар менен салыштырып көрдү.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкектеги турак-жайлардын баасы кардарлардын чөнтөгүнө канчалык туура келери жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигине Риелторлор ассоциациясынын жетекчиси Сергей Пьянков айтып берди.

Анын билдиргенине караганда, 90-жылдардын аягында, 2000-жылдардын башында Бишкекте батирлердин баасы азыркыдан 10 эсе арзан болчу. Анткени ал убакта кыймылсыз мүлк рыногу жаңыдан эле жанданып, эл турак-жай аркылуу киреше табууну өздөштүрө баштаган.

"Ал жылдары турак-жайды ижарага берүү боюнча дагы элде түшүнүк аз болчу. Үйдүн чыныгы баалуулугун билбегендиктен, баасы өтө төмөн эле. Мисалы, 2000-жылы "Аламүдүн — 1" кичирайонунда бир батирди 1800-2000 доллардан сатышчу", — деди Пьянков.

Ал ошондой эле эл азыр кыймылсыз мүлктүн баалуулугун жакшы билип калгандыктан, жакын арада бааларда аз-маз гана өзгөрүүлөр болбосо, кескин арзандоолор болбой турганын божомолдоду.

Тема боюнча

Эмне үчүн Бишкектен батир сатып алуу оор? Сандар, сандар, сандар…
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарттары. Тизме
Белгилер:
салыштыруу, баа, турак-жай, Сергей Пьянков, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ