Кыргызстанда накталай акча 2 млрд. сомго азайган

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПечать денежных купюр на фабрике ФГУП "Гознак" в Перми
Печать денежных купюр на фабрике ФГУП Гознак в Перми - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдын биринчи кварталында колдонулуп жаткан акчанын көлөмү 74 миллиард 838,8 миллион сомдон 72 миллиард 884,6 миллион сомго кыскарды.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Жыл башынан бери колдонулуп жаткан акчанын көлөмү 2 миллиард сомго азайганын Улуттук банктан маалымдашты.

АКШ доллары жана сом. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк валюта рыногунан дагы 3,5 миллион доллар сатып алды
Акча базасы — бул калктагы каражат (колдонулуп жаткан) жана финансы уюмдарынын резерви (депозиттер). Эсепке бир гана Кыргызстандын улуттук валютасы алынган.

Быйыл 1-январга карата акча базасы 85 миллиард 584,1 миллион сомду түзгөн. 1-апрелге карата акчанын көлөмү 81 миллиард 585,7 миллион сом болуп азайган. Ошентип бир кварталда акча базасы дээрлик 4 миллиард сомго түшүп кеткен.

Ал эми колдонулуп жаткан акча 74 миллиард 838,8 миллион сомдон 72 миллиард 884,6 миллион сомго кыскарган. Улуттук банк анын себептерин түшүндүргөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0