Россия Кыргызстандын 240 млн. доллар жалпы карызын жоюну пландаштырып жатат

Жазылуу
Буга чейин Кыргызстан менен Россия азыркы 300 миллион доллар карызды 10 жылдын ичинде (жылына 30 миллион доллардан) төлөп кутулуу боюнча сүйлөшүшкөн. Эки жылда 60 миллион доллар төлөнүп бүтүп, карыз акча 240 миллион доллар калган.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Россияга берчү 240 миллион мамлекеттик карызынан толугу менен кутулуу боюнча келишим иштелип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстан менен Россия азыркы 300 миллион доллар карызды 10 жылдын ичинде (жылына 30 миллион доллардан) төлөп кутулуу боюнча сүйлөшүшкөн. Эки жылда 60 миллион доллар төлөнүп бүтүп, карыз акча 240 миллион доллар калган.

"Тараптар учурда жыл сайын карыз төлөп отурбай, аны бир эле төлөп кутулуу механизмин карап жатышат. Мындай жол менен мамлекеттик карыз биротоло жок болот", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле келишимге кол коюлуп, карыз толугу менен жоюулары боюнча жакынкы аралыкты азырынча айта албарын кошумчалады.

2017-жылдын 28-февралына карата сырткы мамлекеттик карыз 3,8 миллиард долларды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0