"Карвен 4 сезона" эс алуу жайына 12 млн. сом айып салынды

Жазылуу
Коюлган фидерлерден 15 пансионат электр энергиясын алат. Мыйзам бузуу фактысы боюнча текшерүү иштери уланууда.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Электр жарыгын уурдады деп Ысык-Көлдөгү "Карвен 4 сезона" эс алуу жайына 12 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу "Чыгышэлектр" ААКы билдирди.

Нарын шаарынын тургундары электр энергиясын арзандатуу талабы менен кайтадан митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Нарындыктар электр энергиясын арзандатуу талабы менен митингге чыгышты
2017-жылы февралда "Инкубатор" жана "Бает" фидерлеринен ири көлөмдө электр энергиясы уурдалганы аныкталган. Текшерүү учурунда Ысык-Көлдөгү пансионаттардын электр кубатын уурдаганы белгилүү болгон. Эс алуу жайдын кызматкерлери эсептегичтерди ачып, электр энергиясын майзамсыз пайдаланып келишкен. Аталган факты боюнча "Чыгышэлектр" ААКы 12 миллион 456,8 миң сом айып салган.

Коюлган фидерлерден 15 пансионат электр энергиясын алып келген. Учурда пансионаттар электр энергиясын алган фидерлерди текшерүү иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0