"Чыгышэлектр" ишканасы 34 млн. сомго күйүүчү май сатып алат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүОмский нефтеперерабатывающий завод
Омский нефтеперерабатывающий завод - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 20-январда жарыяланып, мөөнөтү 10-февралда аяктайт.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. "Чыгышэлектр" ачык акционердик коому күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда ишкана Аи-92, Аи-80 үлгүсүндөгү бензинди жана дизель майы үчүн 33 миллион 687 миң 642 сом сарптоого даяр.

Тендер 20-январда жарыяланып, мөөнөтү 10-февралда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0