10:32 25 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Дата-центр. Архив

Казакстан Кыргызстанга интернетти арзан бере баштады

© Sputnik / Максим Богодвид
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы интернеттин кымбатташы (25)
16710

Интернет баасынын жогорулашы боюнча талаш былтыр жай айында башталган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Казакстан 2017-жылдын январынан тарта интернетке болгон бааны мурдагы калыбына келтиргенин "Кыргызтелеком" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

Август айынын башында Кыргызстандын интернет-провайдерлери казак өнөктөштөрдөн транзиттик баа 3-4 эсеге кымбаттай турганын угушкан. 

Ноябрь айынын башында Байланыш операторлор ассоциациясынын жетекчиси Нурбек Абасканов казакстандык операторлор Кыргызстандын интернет провайдерлери менен секундасына бир мегабит интернет үчүн 15 долларлык тариф белгиленген келишимге кол койгонүн билдирген. Бул макулдашуу январдан тарта күчүнө кирмек.

"2017-жылдын январынан тарта "Кыргызтелеком" ААКтын кардарлары абоненттик төлөмү жогорулабаган сапаттуу интернет менен колдоно алышат. Ошентип мекеме премьер-министрдин мурдагы тарифтерге кайтуу боюнча берген тапшырмасын аткарды", — деди Абасканов.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Интернет баасынын кымбаттоо жаңжалынан кийин "Кыргызтелеком" ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Эмил Ешеналиев кызматынан алынып, ордуна Бекзат Үсөнканов дайындалган. Аталган иш боюнча Башкы прокуратура казакстандык интернет провайдерлер менен келишим түзүүдө мамлекеттик сатып алуулардын талабы бузулуп, анын жыйынтыгында казакстандык эки компанияга 275 миң доллар ашыкча төлөнгөнүн айтып чыккан. Натыйжада бул иш боюнча кылмыш иши козголгон. 

Тема:
Кыргызстандагы интернеттин кымбатташы (25)

Тема боюнча

Кыргызстан интернетти Кытайдан алуу жолун караштырып жатат
Интернеттин кымбатташы боюнча Башкы прокуратура иликтөө жүргүзмөй болду
Белгилер:
интернет, Кыргызтелеком