15:36 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8426
  • EUR77.0294
  • RUB1.0928
Индия аялдар аскери. Архивдик сүрөтү

Шафран жана бешбармак: Кыргызстан жана Индия тууралуу 13 факт

© AFP 2019 / NOAH SEELAM
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаевдин Индияга болгон сапары (6)
29010

Кыргызстандыкдар индустарга караганда 10 эсе көп чылым чеккени менен узагыраак жашайт. Балким, дарыгерлердин көп болгондугунандыр.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Делиде мамлекеттик маанилүү маселелерди чечип жүргөн кезде Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы эки мамлекет тууралуу кызыктуу фактыларды издеп көрдү. 

1. Күн сайын Индия Кыргызстандан 3 миң долларга товар сатып алат. Жарым аралдын ишкерлери кыргыз бут кийимдери менен булгаарысына муктаж экен. 

2. Ал эми Кыргызстанга күн сайын Индиядан 86 миң долларлык товар кирет. Негизинен бул — кийим-кече. 

3. Кыргызстанда индиялык инвесторлордун каражатына ачылган 30га жакын ишкана бар. 

4. Индиянын аянтына Кыргызстан сыяктуу 16 өлкө батып кетмек. 

5. Ар бир үч айда Индияда төрөлгөн балдардын саны Кыргызстандын жалпы элинин санына жетет. 

6. Кыргыздар индустарга караганда орто эсеп менен эки жылга көбүрөөк жашайт. 

7. Кыргызстанда Индияга салыштырмалуу чылымды киши башына 10 эсе көбүрөөк чегишет. Бул ар бир кыргызстандык күнүнө 3 чылым чегет дегенге туура келет. 

8. Ар бир үчүнчү индус жаза да, окуй да албайт. Ал эми Кыргызстанда сабаты жоюлбагандар дээрлик жок. 

9. Doing Business басылмасынын бизнес кылууга ыңгайлуу өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан 75-орунда, Индия 130-орунда турат.

10. Ар бир кыргызстандыктын мойнунда мамлекеттик карыздын 625 доллары "илинип" турат, ал эми индустардыкы — 333. 

11. Индияда 10 адамга болгону 7 дарыгер, ал эми Кыргызстанда — 20 дарыгер туура келет. 

12. ЖМК эркиндигинин индекси боюнча Индияда массмедианын ишине тоскоолдуктар көбүрөөк, басма сөз боюнча кырдаал "оор" мамлекеттердин катарына кирет. Бизде абал кыйла дурус. 

13. Кыргызстан — тынчтыкты сүйгөн өлкөлөр рейтингинде 124-орунда, ал эми Индия 141-орунда. 

Тема:
Алмазбек Атамбаевдин Индияга болгон сапары (6)

Тема боюнча

Президент Атамбаев Индияга бармай болду
Белгилер:
мамиле, салыштыруу, Кыргызстан, Индия

ЭҢ МААНИЛҮҮ