07:38 22 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Көз айнек жана акча. Архивдик сүрөт

Конституцияны өзгөртүүнү колдогон жана каршы чыккан үгүт топтор 700 миң сом сарптады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (115)
45 0 0

Референдумда добуш берүүгө катышкан 1,2 миллион жарандын 80 пайызы Конституцияга өзгөртүү киргизүү чечимин колдоп беришти.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө "макул" жана "каршы" топтор үгүт иштерине 700 миң сомдон ашык каражат жумшашканын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. 

11-декабрь күнү башкы мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум болуп өткөн.

БШКнын маалыматына караганда "каршы" үч, колдогон беш топ болгон.

"Каршы чыккандар — 202 миңден ашык сом, макул дегендер — 516,5 миң сом сарпташты. Жалпысынан чыгымдар 719 миң сомго жетти", — деп айтылат билдирүүдө. 

Референдумда кыргызстандыктар Баш мыйзамдын 29 беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш беришти. Алдын ала маалыматтарга караганда референдумга 1,2 миллион жаран катышып, алардын 80 пайызы "макул" деп добуш берген.

"Макул" жана "каршы" топтор президент референдумду билгилегенден кийин түзүлгөн.

Мыйзам боюнча үгүт иштерин жыйындарда, митингдерде жана ММКлар аркылуу жүргүзсө болот. Үгүттөөнүн ыкмалары дагы мыйзам чегинде өтүшү шарт.

Тема:
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү (115)

Тема боюнча

Референдумда 60 миң бюллетень жараксыз деп табылды
Алдын ала жыйынтык боюнча референдумду колдоп шайлоочулардын 80 пайызы добуш берген
БШК: алдын ала маалымат боюнча көпчүлүк референдум үчүн добуш берген
Белгилер:
топ, чыгым, үгүт, референдум, Кыргызстан