Келерки жылы калкты таза суу менен камсыздоого 200 млн. сом бөлүнөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин отурумунда
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин отурумунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көрсөтүлгөн сумма быйылкы жылга салыштырмалуу эки эсеге көп дегенди түшүндүрөт.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. "Таза суу" долбоорун ишке ашыруу үчүн 2017-жылы республикалык бюджеттен 200 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 30-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда айтты. 

Ал билдиргендей, быйыл калкты таза суу менен камсыздоого республикалык бюджеттен 100 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми кийинки жылга бул сумма эки эсеге көбөйтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0