21:18 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Төө бурчак капталарынын архивдик сүрөтү

Өкмөт: быйыл төө буурчак Таласта 52-58 сомдон сатылууда

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
82 0 0

Дайыр Кенекеев Талас облусунда эки жерде төө буурчакты орогон чакан заводдор курулуп жатканын, алар ишке кирсе, баа дагы жогорулай турганын билдирген.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Быйыл Талас аймагында төө буурчактын баасы бир килограммына 52-58 сомго чейин жетип, бүгүнкү күнгө чейин 5652 тонна буурчак экспортко жөнөтүлгөн. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Талас облусунда төө буурчак. Архив
© Фото / Элмира Суйутбекова
Биринчи вице-премьер-министри Мухаммтекалый Абулгазиев Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барып, эл менен төө буурчак, кен тармагындагы маселелер боюнча сүйлөштү.

Маалыматта быйыл 1 кг. төө буурчактын баасы 52-58 сомго жеткенин, ал эми былтыр бул маала 25-30 сом болгондугу айтылат. Ушул күнгө экспортко 5652 тонна буурчак жөнөтүлгөн.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Дайыр Кенекеев, аймакта эки жерде төө буурчакты орогон чакан заводдор курулуп жатканын, алар ишке кирсе, баа дагы жогорулай турганын кошумчалаган.

"Абулгазиев Таластагы айыл чарба тармагында жергиликтүү дыйкан-фермерлерди жаңыча ыкма менен иш алып барып, түшүмдүүлүктүн сапатын жогорулатууга аракет кылууга үндөдү", — деп айтылат маалыматта.

Аткаминер бул багытта жергиликтүү мамлекеттик органдарга жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

Тема боюнча

Талас: төө буурчак быйыл азайып, эл кант кызылчасына басым кое баштады
Таластыктарга эми кой буурчак өстүрүү сунушталып жатат
Белгилер:
Мухаммедкалый Абылгазиев, төө буурчак, айыл чарбасы, экспорт, өкмөт, Талас

ЭҢ МААНИЛҮҮ