Кыргызстан ЕАЭБ менен Вьетнамдын эркин соода жөнүндө макулдашуусун ратификациялады

Жазылуу
Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБ алкагында Вьетнам мамлекети менен соода-сатык жактан кызматташуу боюнча мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2016-жылдын 25-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Кыргызстандын картошкасына салынган тыюуну жоймой болду
Макулдашууну ратификациялоо 90 пайыздан ашык товардык позициялар боюнча эркин соода режимин камсыз кылат. 

Макулдашуу товарларды, кызматтарды соодалоо, бажылык администрациялоо, соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чаралар, инвесторлор киргизген капиталдык салымдар, интеллектуалдык менчик, мамлекеттик сатып алуулар, атаандаштык, туруктуу өнүгүү, электрондук соода маселелерин камтыйт.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0