БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Учурда Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында доллар 69 сомдон төмөн болууда.
Саат 9:40ка карата доллар 68,8 сомдон сатып алынып, 69,2 сомдон сатылууда.
Кечээ күнү саат 10:30да долларды 69,20 сомдон сатып алып, кайра 69,50 сомдон сатып жаткан.
Доллар бир күндүн ичинде 30-40 тыйынга төмөндөдү.
Ал эми доллардын Улуттук банк койгон расмий баасы 70,01 сомду түздү. Шаршемби күндөн бери аталган валюта 19 тыйынга арзандаган.
Эскерте кетсек, буга чейин экономист Жумакадыр Акенеев үстүбүздөгү жылдын июнь айына карата доллардын баасы 65 сомго чейин түшөрүн божомолдогон.