19:02 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR84.5647
  • RUB1.0428
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
16720

Долбоордун авторлору Экономика жана өнөр жай министрлиги менен ПРООН тарабынан иштелип чыккан жаңы бренд Нарындан чыккан продукциянын ички жана тышкы рынокто жайылышына шарт түзөт дешет.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Нарын облусунда өндүрүлгөн продукциянын ички жана тышкы рынокто жайылтуу үчүн "Нарынды комплекстүү өнүктүрүү" программасынын алкагында аталган аймак үчүн бирдиктүү бренд иштеп чыкканын Sputnik агенттигине Экономика жана өнөр жай министрлигинин өкүлү Алмаз Эдилбаев билдирди.

  • Демилгечилер жаңы бренд облустун соода мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болорун белгилешет
    Демилгечилер жаңы бренд облустун соода мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болорун белгилешет
    пресс-служба министерства экономики КР
  • Сунушталып жаткан логотипте жашыл түс басымдуулук кылып, кочкорлордун сүзүшкөн мүйүзү Н тамгасын чагылдырат.
    Сунушталып жаткан логотипте жашыл түс басымдуулук кылып, кочкорлордун сүзүшкөн мүйүзү "Н" тамгасын чагылдырат.
    пресс-служба министерства экономики КР
  • Жарым мүйүздү элестеткен элемент кызматташууну көрсөтүп турат.
    Жарым мүйүздү элестеткен элемент кызматташууну көрсөтүп турат.
    пресс-служба министерства экономики КР
  • Эдилбаевдин айтымында, сунушталып жаткан бренд облустун өндүрүүчүлөрүнө абдан жаккан.
    Эдилбаевдин айтымында, сунушталып жаткан бренд облустун өндүрүүчүлөрүнө абдан жаккан.
    пресс-служба министерства экономики КР
  • Чиновник аталган бренд Нарында өндүрүлгөн продукциянын баарына коюла турганын белгиледи.
    Чиновник аталган бренд Нарында өндүрүлгөн продукциянын баарына коюла турганын белгиледи.
    пресс-служба министерства экономики КР
1 / 5
пресс-служба министерства экономики КР
Демилгечилер жаңы бренд облустун соода мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болорун белгилешет

Демилгечилер жаңы бренд облустун соода мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болорун белгилешет.

Сунушталып жаткан логотипте жашыл түс басымдуулук кылып, кочкорлордун сүзүшкөн мүйүзү "Н" тамгасын чагылдырат. Жарым мүйүздү элестеткен элемент кызматташууну көрсөтүп турат. Мындан тышкары, "Төрт түлүк мал — төрт жактуу Нарын" — облустун продукциясы экспорттоло турган төрт тарапты билдирсе, мүйүз — аймактын мал-жандуу экенин кабар берип турат.

Эдилбаевдин айтымында, сунушталып жаткан бренд облустун өндүрүүчүлөрүнө абдан жаккан.

"Февраль айында дагы бир ирет жолугуп, бардык күңгөй-тескейин талкуулап чыгабыз. Бренд ошондо бекитилиши мүмкүн", — деди ал. 

Чиновник аталган бренд Нарында өндүрүлгөн продукциянын баарына коюла турганын белгиледи.

Тема боюнча

Жыл башынан бери Нарында жарым миллион тонна көмүр казылган
Кыргызстанды кыдырып. Объективде – Нарын эли
Белгилер:
бренд, продукция, логотип, Нарын облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ