Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлерге 608 миллион сом бөлдү

Жазылуу
Каржылоо өтүнүчү менен фондго Чүй облусунун ишкерлери көп кайрылганы белгилүү болду. Насыя беш жылдык мөөнөткө 12 пайыздык үстөк менен берилүүдө.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан чакан жана орто бизнести колдоо боюнча программанын алкагында 608 миллион сомдук 56 долбоор жактырылганын аталган фонд билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 44 ишканага 12 пайыздык үстөк менен жалпы сумманын 238 миллион сому бөлүнүп берилди.

Мында каражаттын басымдуу бөлүгү айыл чарба продукциясын өндүргөн ишканаларга берилди. Андан кийинки орунда кайра иштетүүчү жана тоо кен менен металлургиялык өнөр жайлар турат.

"Каржылык жактан колдоо өтүнүчү менен баарынан көп Чүй облусунун ишкерлери кайрылды, бул аймактан түшкөн арыздын саны жалпы көлөмдүн 55,5 пайызын түзөт. 19,6 пайызы Ош менен Жалал-Абад облустарынын ишканалары. Арыздардын 10,7 пайызы көлдүк ишкерлерден келсе, калганы Нарын, Баткен жана Талас облустарынан келген", — деп айтылат билдирүүдө.

Сентябрь айында Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнести даректүү каржылоо программасын ишке ашыруу максатында "Айыл Банк" жана "РСК Банк" менен келишим түзүп, эки банкка 1,2 миллиард сом бөлүп берген. Аталган программанын алкагында ишкерлерге беш жылдык мөөнөткө 12 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыя алууга мүмкүнчүлүк берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0