Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду: насыянын көбү айыл чарбасына берилүүдө

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТүшүм жыйноо мезгили. Архив
Түшүм жыйноо мезгили. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду сентябрь айында узак мөөнөткө жана жеңилдетилген үстөк пайыз менен чакан жана орто бизнеске насыя берүү үчүн эки мамлекеттик банкка 1,2 миллиард сом бөлгөн.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик банктар чакан жана орто бизнести каржылоо программасынын алкагында 32 компанияга 12 пайыздык үстөк менен 179 миллион сом бергенин Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду билдирди. 

Дагы 45 миллион сомдук үч бизнес-долбоор каржылоого жактырылды.

Фонддон маалымдашкандай, бөлүнгөн насыянын 68 пайызы айыл чарба тармагындагы ишканаларга берилген. 

"Каражат алты мал чарбачылыгы жана талаачылык менен алектенген ишканага, алты күнөскана иштеткен компанияга жана айыл чарба продукциясын кайра иштеткен тогуз ишканага берилди. Насыянын 26,7 пайызы өндүрүштү кайра иштетүү тармагындагы 10 долбоорго каралган. Ал эми 5,7 пайызы тоо-кен жана металлургиялык ишмердүүлүк менен алектенген ишканаларга берилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: доллар менен алынган ипотекалык кредитти сомго которуу зарыл
Сентябрь айында Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнести даректүү каржылоо программасын ишке ашыруу максатында "Айыл Банк" жана "РСК Банк" менен келишим түзүп, эки банкка 1,2 миллиард сом бөлүп берген. Аталган программанын алкагында ишкерлерге беш жылдык мөөнөткө 12 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыя алууга мүмкүнчүлүк берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0