"Күрмөнтү" кенин иштетүү укугу 1,5 млн. долларга бааланды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАки таш табуу. Архив
Аки таш табуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка катышууну каалагандар үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрына чейин тийиштүү документтерди Геология агенттигине тапшырышы керек.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Өкмөт "Күрмөнтү" кенин иштетүү укугу үчүн сынак жарыялаганын Мамлекеттик геология агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган кенди иштетүү укугунун наркы 1,5 миллион долларга бааланган. Конкурстук комиссиянын талабына ылайык, кыскача геологиялык маалымат пакет үчүн 143 миң сом төлөө каралган.

Сынакка катышууну каалагандар үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрына чейин тийиштүү документтерди Геология агенттигине тапшырышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0