12:18 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Доллар купюралары. Архив

Азия өнүгүү банкы Кыргызстанга $22 млн. өлчөмүндө грант бөлөт

© Sputnik / Владимир Трефилов
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
23 0 0

Бөлүнгөн каражаттын 12 миллиону Кыргызстандын билим берүү системасына жумшалат.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Азия өнүгүү банкы (АӨБ) тарабынан Кыргызстанга 22 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт. Тийиштүү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Аталган каражаттын 10 миллиону өлкө бюджетине, ал эми 12 миллиону билим берүү системасын өнүктүрүүгө жумшалат. 

Бул акчага орто мектептердин алдында мугалимдер квалификацияларын жогорулата турган 30 ресурстук борбор ачуу пландаштырылууда. Маалыматка ылайык, бул борборлор электрондук китептер, эмерек жана башка керектүү нерселер менен камсыздалат.

Мыйзам Жогорку Ке6ңеш тарабынан 2015-жылдын 28-майында кабыл алынган.

Белгилер:
билим берүү, грант, бюджет, Азия өнүгүү банкы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ