11:45 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7835
  • EUR102.2065
  • RUB1.1450
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
4210

Москванын арбитраждык соту чечимди Кыргызстандын пайдасына чыгарып, Корея республикасынын жараны менен "Central Asia FEZ Development Corporation" ЖЧКсына 22,5 миллион доллар төлөп берүү боюнча Москва соода өнөр жай палатасынын чечимин жокко чыгарды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Москванын арбитраждык соту түштүк кореялык компаниянын доо арызы боюнча ишти карап, аны кыргыз өкмөтүнүн пайдасына чечкенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

2013-жылы "Центральноазиатская корпорация" ЖЧКсы Кыргыз өкмөтүн компаниянын мүлкүн тартып алган деп күнөөлөгөн. 2012-жылы "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директору Орозбек Нусувалиев бир тараптуу негиз менен түштүк кореялык компаниянын ижара боюнча келишимин жокко чыгаргандан кийин сотко арыз менен кайрылган. Келишимди жокко чыгаруунун бир себеби, документте көрсөтүлгөн аймыктын жарымын гана колдонгону болгон, эркин экономикалык аймактын жетекчилигинин айтымында мындай аракет келишимде көрсөтүлгөн шартты бузган.

6-майда Москванын арбитраждык соту чечимди Кыргызстандын пайдасына чыгарып, Корея Республикасынын жараны менен "Central Asia FEZ Development Corporation" ЖЧКсына 22,5 миллион доллар төлөп берүү боюнча Москва соода өнөржай палатасынын чечимин жокко чыгарды.

Эгер экинчи тарап сотко доо арыз менен кайрылбаса, соттун чечими 30 күндүн ичинде мыйзамдуу күчүнө кирет

Буга чейин кыргыз өкмөтү Москванын арбитраждык сотунун дагы бир сот ишин утуп алган. Анда Москва өнөр-жай палатасынын Stans Energy Corp менен Kutеsay Mining ЖЧКсына 118 миллион доллар төлөп берүүсү боюнча чыккан чечими жокко чыгарылган.

Тема боюнча

Centerra компаниясынын директорлор кеңешине талапкерлер канча маяна аларын айтышты
Шапарева: КРдин өндүрүш компанияларынын бардыгы эле штрих-код колдоно бербейт
Белгилер:
доо арыз, "Бишкек" эркин экономикалык аймагы, Москванын арбитраждык соту

ЭҢ МААНИЛҮҮ