Ипотекалык насыялардын жалпы көлөмү КРде 8,3 млрд сомго жетти

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүРеклама об ипотеке
Реклама об ипотеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банк өлкөдө ипотекалык насыялардын саны жыл санап өсүп жаткандыгын белгилейт. Карыз алуучулардын көпчүлүгү борбор калаада жашайт. 2013-жылга салыштырганда насыянын көлөмү 2,796 миллиард сомго көбөйгөн. Ипотекалык насыялардын эң көбү Бишкекте берилип, жалпы көлөмү 5,639 миллиард сомду түзөт.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. 2014-жылдын декабрына карата банк системасы боюнча ипотекалык насыя 8,333 миллиард сомго берилген деп билдирди Sputnik сайтына Кыргызстандын Улуттук банкынын көзөмөлдөө жана лицензиялоо методологиясынын башкармалыгынан.

Улуттук банк өлкөнүн калкы ипотекалык насыяны улам барган сайын көп алып жаткандыгын белгилейт. 2013-жылга салыштырганда насыянын көлөмү 2,796 миллиард сомго көбөйгөн. Ипотекалык насыя эң көп санда Бишкекте берилип, жалпы көлөмү 5,639 миллиард сомду түзөт.

Руководитель правового центра Вигенс Владимир Плужник - Sputnik Кыргызстан
Юрист: жер үлүштөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу - мыйзамсыз иш
24 коммерциялык банктын ичинен 11 мекеме ипотека берет. Алар: "Азия Банкы" ЖАК, "Банк "Бай-Түшүм" ЖАК, "Оптима банк" ААК, "КИКБ" ЖАК, "Бакай Банк" ААК, "ЭкоИсламикБанк" ААК, "АКБ "Толубай" ЖАК, "Халык Банк Кыргызстан" ААК, "ДКИБ" ЖАК, "РСК Банк" ААК жана "БТА Банк" ЖАК.

"Коммерциялык банктар берүүчү ипотекалык насыя рыногун карасак, мындай кызмат көрсөтүүчү мекемелердин саны өсүп жатканын байкоого болот. Бирок ипотекалык инфраструктура мурдагыдай эле өнүкпөй келет, үстөк пайыздар жогору, ал эми насыялоо мөөнөтү болсо дагы эле кыска (беш жылдан 15 жылга чейин)", — деп белгилейт башкы каржы мекемеси.

2014-жылдын аягына карата КРдин банк системасында насыялык портфель боюнча ипотекалык насыянын үлүшү 10,6 пайызды түздү. Өткөн жылкы мезгилге салыштырганда өсүш 0,3 пайызга жетти.

Улуттук банктын адистери түшүндүргөндөй, ар бир банктын өзүнүн насыялоо шарты бар.

Жалпы мүнөздөмөлөрү төмөнкүлөр: насыялар сом менен да, чет элдик валюта түрүндө да (доллары, евро) берилет; насыялоо мөөнөтү адатта 5-15 жыл. Карыз алуууларга карата негизги талаптар: карызга кепилдик катары сатып алып жаткан мүлк коюлат, кирешеси жетиштүү болушу керек. Карызды жабуу шарттары негизинен окшош, ошондой эле банктын макулдугу менен алар жекече болушу мүмкүн дейт КРдын УБ.

Азыр статистика боюнча каржылоо көлөмү орто эсеп менен 5 миң АКШ долларды жана андан жогору санды түзөт. Мунун чеги кардардын кирешесине, күрөөлүк камсыздоого, банктын чектөөсүнө жана башка көрсөткүчтөргө жараша белгиленет.

2014-жылдын 31-декабрына карата ипотекалык насыялардын үстөк пайызы насыя ресурстарынын рыногундагы суроо-талап менен сунуштун таасири астында калыптанып, орто эсеп боюнча сом менен 19,2 жана чет элдик валюта менен 18,4 пайызды түздү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0