21:36 19 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2210
  • EUR79.2319
  • RUB1.0782
Джоомарт Оторбаев и Алексей Миллер обсудили вопросы сотрудничества в ТЭК

Кыргызстанды газ менен камсыздоого 45,5 млрд. сом жумшалат

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
38 0 0

Кыргызстандын газ менен камсыздоо боюнча башкы схемага ылайык, "Газпром" компаниясы өлкөнүн калкын газ менен камсыздоону үч эсе көбөйтүүнү пландап, аны 22 пайыздан 60 пайызга чейин жеткирүүнү максат кылууда.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. "Кыргызстанды газ менен камсыздоого "Газпром" 45,5 миллиард сом коротот", — деп билдирди өкмөттүн кезексиз жыйынында компаниянын башкармалыгынын жетекчиси Алексей Миллер.

Анын айтымында, компания инвестициянын көлөмүн 20 миллиарддан 45,5 миллиард сомго чейин жогорулатууну чечти.

"Ишкана тарабынан жүргүзүлгөн анализ биринчи кезекте турган объектилерди аныктоого мүмкүндүк берди. Биз биринчи пландалгандан да көп каражат керек экенин түшүндүк. Компания "Газпром Кыргызстан" программасына 45,5 миллиард сом караган. Алып жаткан милдеттерибиздин бардыгы аткарылат", — деди Миллер.

Ал эми Кыргызстан жер тилекелерин бөлүп берүүгө, документтерди макулдашууга жана колдонуучуларды газды алууга даярдоону жүргүзүүгө милдеттүү.

Тема боюнча

"Газпром" Кыргызстандын 60% аймагын газ менен камсыз кылат
"Газпром" КР өкмөтү менен газдаштыруунун башкы планын талкуулайт
Кыргызстан Россиядан келген газдын 1000 кубометрин 165 доллардан сатып алууда
"Газпром Кыргызстан" Атамбаевге газтранспорттук системаны өнүктүрүү боюнча маалымат берди
Белгилер:
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы, инвестициялар, Алексей Миллер
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ