Кыргызстан Кытайдын жери беле? Кытай бийлигинин реакциясы жана макалалар чуусу

© AFP / MARK RALSTON Съезд Коммунистической партии в Пекине
Съезд Коммунистической партии в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрелдин башында кызыктай мазмундагы макалалар кытайдын онлайн-платформаларында пайда боло баштады. Көп өтпөй эле Кытайдын ТИМи буга реакция кылды.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Апрелдин аягында Кытайдагы toutiao.com сайтында азыркы Кыргызстандын жери тарыхта Кытайга караган деген маалымат айтылган макала жарык көргөн.

Материал "Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин эмнеге Кытайдын курамына кайтып келген жок" деп аталып, аталган ресурска 11-апрелде жайгаштырылган. Анда Хань династиясынан бери бир нече миңдеген жыл Кыргызстандын жери болуп келген, бирок Россия империясы бул аймакты ээлеп алган деген маанайда жазылган.

"Кыргызстан Хань династиясынан тарта бир нече миң жылдар бою Кытайдын аймагында болчу. Бул жерди учурунда император У Ди согуш менен ээлеген. Цинь династиясына чейин Кытайга карачу. 1864-жылы Россия империясы ошол кезде таасирин жоготкон император Цинди түндүк-батыш аймагынан баш тартууга мажбурлаган. Ошентип Кытай 510 миң чарчы чакырым жеринен ажыраган. Кыргызстан толугу менен жок болгон ошол аймакта эле. Чындыгында, Кыргызстан Монголия сыяктуу Кытайдын жери болуп эсептелет", — деп айтылган анда.

АКШ жана Кытайдын фонунда кишинин колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу: АКШ менен Кытайдын ортосунда саясий согуш башталышы мүмкүн
Бир апта мурдараак белгилүү эле sohu.com деп аталган кытайлык порталда дал ошондой, бирок эми Казакстанга байланыштуу макала чыккан. Ал "Казакстан эмнеге Кытайга кайтууга умтулбай жатат?" деп аталган. Анда да азыркы Казакстан тарыхый жактан Кытайга караганы жана Пекин "жерди туура эмес бөлүштүрүүдөн улам кол жууп калганы" баяндалган.

Казакстан мындай маалыматты аймактык бүтүндүгүнө жаралган кооптуулук катары баалаган. ТИМ 14-апрелде Нур-Султан шаарындагы Кытай элчиси Чжан Сяону чакырган. Жарыяланган макаланын мазмуну "Казакстан менен Кытайдын башчыларынын колу коюлуп, бардык тараптан өнөктөшпүз деген маанайдагы биргелешкен кайрылуусуна" дал келбей жаткандыгын айткан. Ал документке 2019-жылдын 11-сентябрында кол коюлган эле. Буга кошумча казак ТИМи коңшу мамлекетке нааразылык нотасын жөнөткөн.

Reuters агенттиги расмий Кытай бийлиги мындай билдирүүгө эмне жооп айтарына кызыгып, комментарий сурап алардын ТИМине кайрылган.

"Бул макала Кытай өкмөтүнүн расмий позициясын чагылдырбайт, эки мамлекеттин достугун эч бир нерсе буза албайт", - деген жооп берген Кытай ТИМинен.

Бул макаладан кийин эле sohu.com сайты ачылбай калган. Эки күндөн соң дал ошондой эле тагдыр Кыргызстан туурасында макала жайгаштырган toutiao.com сайтында кайталанган.

Кытайда иштеп жаткан ВВС бөлүмү бул макалалар алгач, кытайлык WeChat социалдык тармагын аралап кеткендигин, андан соң Sohu жана Toutiao сыяктуу онлайн-платформаларга жайгаштырылгандыгын кабарлаган. Бул платформалар интернет-ЖМК катары эле эмес, издөө системалары катары да иштейт. Кытайлыктар өзүнүн материалдарын башка жактардан алып да жайгаштыра алат.

​WeChat тармагынын маалымат кызматы 17-апрелде администраторлор 150 аккаунтту жаап, жергиликтүү социалдык тармактардан улуттук маселени козутат деген мүнөздөгү 200гө чукул макалаларды өчүргөндүгүн билдирген.

"XX (өлкө же аймак) Кытайдын курамына кирүүгө ниеттенип жатат" деген 227 макаланы өчүргөн. Анда ушул маанайга үндөш жана байланышкан 153 аккаунт жабылды. Бул макалалардын авторлору журналисттик эч кандай тажрыйбага ээ эмес, жөн гана көп каралган тексттердин артынан кууп жүрүп отурган", — деп мессенджердин билдиргенин Global Times жазды.

Материалдардын окшош мааниде болгондугу жана Монголиянын, Вьетнамдын жана Индия менен Мьянманын бир катар райондорунун аймактык бүтүндүгүнө карата жазылганы маалымдалган.

Weibo кызматынын администрациясы да платформада жалган маалыматтарды тараткан 1 050 аккаунтту өчүргөн. Маалыматта анда аймактык басмырлоону ойготкон тексттер жазылганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0