Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Ысык-Ата районунун Киргшёлк айылында бир үйдөн үч аялдын бычакталып өлтүрүлгөн денеси табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө ИИМ башчысы Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүнө алынган. Кылмышка шектүү катары 18-21 жаштагы алты киши кармалды.