18:11 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (393)
389 0 0

Акелердин өзгөчөлүгү — жолу улууларга биринчи сөз берген, аларды колдоп-кубаттап турган жана биринин ишин, идеясын экинчиси улантканында. Экинчи айырмачылыгы — сынчыл позициясын күчөтпөстөн бири-бирин колдоочулук аракеттерин көбүрөөк көргөн.

Ошол эле кезде акелер бийлик менен калктын ортосунда көпүрөлүк милдет аткарган. Алардын дагы бир феноменалдуулугу дүйнөнүн башка бир да элдеринде болбогондой, а түгүл бизге эң жакын казактарда, кала берсе кыргыз жеринин башка аймактарында кездешпегендей биримдикте идеялаш болуп, өздөрүн "аке" деген статуска жеткирип, системалуу ойлорду айтышкан жана алардын калк ичине жайылышына кам көрүшкөн. Мындан улам эл ичинде "бата сурасаң Мойт акеге, акыл сурасаң Сарт акеге, айла сурасаң Тилекмат акеге, чындык издесең Садыр акеге, калыстык сурасаң Карач акеге, касиет сурасаң Кыдыр акеге бар" деген сөз айтылып калган.

Биз бүгүн ошол калыстыктын символу болгон Карач аке тууралуу 10 факт сунуш кылабыз.

Туулган жери, теги. Карач аке тууралуу маалыматтар анча көп эмес, анан калса Көл өрөөнүндө бир эле доордо Карач аттуудан үч киши жашаган. Ошон үчүн да материалдардын көбү санжыралык деңгээлде. Болжолу 1837-жылы туулганы, теги кара калмак уруусунан болуп, атасы Чүрүм (Чүрүмкашка), апасы Бүрүм Ысык-Көл башына олжо катарыбы, качыппы, келген. Аны Белектин уулу Шапак той берип тосуп алып, тондуу уул кылып жанына алып жүрөт. Ошол Чүрүмдүн баласы — Эсенгул (Эсенбай), анын уулу — Мендегул, андан ушул Карач.

Мүнөзү, өнөрү. Кара кылды как жарган калыс, адамгерчилиги жанда жок, кыябын келтирип кеп келебин чубаган жан болгон, анын шар, шыдыр айткан кеби ар кандай талашты аягына чыгарган. Жаш чагынан бир топ баатырдык иштерге да катышкан. Мал жыйбаган, дүйнө топтобогон, эл катары, кара аламан калк ичинде карапайым жашаган.

Өмүр баатыр менен жаны бир эле. Сарбагыштар менен бугулардын чабышында бугулардын туусун көтөрүп, жоонун жолун тоскон Балбай баатыр менен Өмүр баатыр болгон. Өмүр — Карачтан отуз жашка улуу, анын чоң атасы менен бир тууган эле. Мына ошол тууганы менен тогуз жашынан кошо жүрүп, анын жоо-жарагын, ат-шайманын камдап берип, бала Карач согуш өнөрүн да үйрөнөт, уруулук чабыштардын зыянын да көрөт. Өмүр баатыр көзү өтөрдө колунда дайым салып жүргөн алтындан жасалган мөөр-шакегин ага берип, керээзин айтып, батасын ыроологон.

Болуш болгон. Пржевальск уездинин Кең-Суу болуштугуна альтернативдүү түрдө жети адам шайлоого катышкан да, 1897-жылы 8-апрелдеги добуш берүүдө Карач Мендегул уулу жеңүүчү болуп катталган. Болуш кезде бир кышта жут болуп, элдин эч нерсеси калбай кыйналганда уезд башчысы "Мендигулов, салык төлөбөдүңөр, мал-мүлкүңөрдү бүт аламын" деп, аны айтса да, муну айтса да көнбөйт, ошондо ал "казынаңардын түбү тешилип калса, мынабул менен жаматып ал" деп жез беш тыйынды анын алдына коюп чыгып кеткен экен.

Ажылык парызын аткарганы айтылат. Айрым бир маалыматтарда Карач аке Меккеге барып ажылык парызын аткарып келгендиги тууралуу айткан жерлер кездешет. Түгөлбай Сыдыкбеков "Күлкү жана өмүр" деген китебине (1988) "Карач аке" деген аңгемесин киргизген, ошондо Меккеден келген Карач аке араб жери, төөлөр, бүйө (беда) деген эл тууралуу, жолдогу кыйынчылыктар, мискин кайырчылар жөнүндө болгонун болгондой, калыс айтып бергендигин жазат.

Жер которуудан коргоп калат. Бир жылы Пржевальский уездинин башчысынын жардамчысы Чыныбай Тилекмат уулу Белектин эки аялынан – Салмаке менен Жаркындан тараган элди салык төлөбөй, орус падышачылыгына баш ийбей жатат деп Ысык-Көлдүн кара топурактуу жерлеринен Ат-Башы, Нарын тарапка көчүрмө кылмак болот. Арыз-даттануулар суу кечпей калат, ошондо калк кадырманы Малай деген аксакал кишини уезддин жакшыларына жиберет. Ал кишини кабыл албай коюшат. Айла кеткен көпчүлүк Ат-Башы менен Нарынга көчүрмө кылынгандан көрө Кытай жакка качабыз дешет. Ошондо Карач аке бармак болот, Чыныбайдын алдына. Эртелеп барган Карач акени көргөн Чыныбай "төргө өтүңүз" дегенде Карач аке: "Малай аксакал өтпөгөн төргө ушул ылай бутум менен мен өтмөк белем", - деп, дагы катуу какшыктарын жылдырып отуруп, уезд жардамчысынын сөөгүнө өтө турган кептерди айтып, акыры элди көчүүдөн сактап калат.

Баласынын кызматка турушуна каршы чыккан. Бир жолу Карач аке Каркыра жактан келе жатса, Сан-Таштын жайыгында (Текес жактан келатса Жыргалаң суусунун боюнда деп да айтылат) эл бир нерселерди эле талашып атат дейт, калыс кишини көрө коюп, тургандардын бири "келгениңиз ырас болду, сиздин Жамгырчыңызды болуштукка шайлайлы деп жатабыз" десе, Карач аке жайма-жай: "Жамгырчынын болуш болор убагы келе элек, эл жүгүн көтөрө албайт, андан көрө Мамбеттин уулу Байзакты болуш кылып алганыңар туурадыр", - деп болуштукту өз баласына ыраа көрбөй калыс сөзүн айтат.

Каза болушу. Карач аке 1914-жылы азыркы Ак-Суу районундагы Чолок (кийинки Орлинное) айылында каза болуп, жасаты ошол жерге коюлган.

Уулу. 1900-жылы Карач аке уулдуу болуп, ысымын Сыдык коёт. Ал баласы Совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан, кыргыздардан алгачкылардан болуп 1921-1923-жылдарда Ташкенттеги В.И.Ленин атындагы аскер окуу жайында билим алат. Төл гезитибиз болгон "Эркин-Тоонун" 1924-жылы биринчи санын чыгарып, 1930-жылга чейин ошол басылмада жооптуу катчы катары иштейт. Кийин болуштун баласы болгонгобу, же улутчул деппи, айтор, адегенде Аравандын "Кызыл пахтачы" гезитине ишке чегерилип, кийин басма тармагында иштеп, кыргыз жазма адабиятынын башатында турган "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты", "Эрксиз күндөрдө", "Эрик таңында" деген чыгармаларын жазып, сталиндик репрессияга туш болуп, өмүрү өкүнүч менен аяктаган.

Урпактары эскерет. Карач акеден тарагандар ушул тапта Түп, Жыргалаң сууларын бойлой конгон бир нече айылдын калкын түзөт. 2009-жылы Түптүн Жылуу-Булак айылына Карач акенин эстелиги Өмүр баатырдын эстелиги менен кошо тургузулуп, мааракелик той өткөрүлгөн. Түп районундагы Жылуу-Булак айылынын тургуну, журналист Тургунбек Жунушалиев Карач акенин өмүрү тууралуу материалдарды жыйнап, элге туртуулап келет, анын "Карач аке жөнүндө баян" деген мыкты поэмасы жазылган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (393)

Тема боюнча

Кеп казына. Касиети оозуна бүткөн Карга аке
Кеп казына. Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан дипломат Тилекмат аке
Белгилер:
Карач аке, Ысык-Көл, даанышман

ЭҢ МААНИЛҮҮ