Өмүрүнүн акырында катуу кыйналып жүрдү... Болот Миңжылкыевди эскерүү

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүСССРдин эл артисти, коңур үнү менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан Болот Миңжылкыев
СССРдин эл артисти, коңур үнү менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан Болот Миңжылкыев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн СССРдин эл артисти, коңур үнү менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан Болот Миңжылкыевдин туулган күнү. Залкар талант, мыкты устаттын көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок.

Буга байланыштуу залкар инсанды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги замандаштары, шакирттери менен биргеликте эскерет.

Ала-Тоону дүйнөгө даңазалаган, мукам үнү менен далайларды таң калдырган Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде геологдун үй-бүлөсүндө туулган. Балалыгы Фрунзе шаарында, Ысык-Көл аймагында өтүп, мектепти борбор калаада аяктаган.

Алгач Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын студиясынан, андан кийин Өзбекстандагы Ташкент консерваториясында, Италиядагы "Ла Скала" театрында окуп, жалпы 12 жылдай билим алган. Тубаса талант ээси 25 жашында Фрунзедеги Опера жана балет театрынын солисти, 33 жашында эки эл аралык сынактын жеңүүчүсү, 36 жашында эле СССРдин эл артисти боло алган.

© Sputnik / Александр ФедоровАла-Тоону дүйнөгө даңазалаган, мукам үнү менен далайларды таң калдырган Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде геологдун үй-бүлөсүндө туулган
Өмүрүнүн акырында катуу кыйналып жүрдү... Болот Миңжылкыевди эскерүү - Sputnik Кыргызстан
Ала-Тоону дүйнөгө даңазалаган, мукам үнү менен далайларды таң калдырган Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде геологдун үй-бүлөсүндө туулган

Эмгек жолунда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу болуп, музыканттардын бир топ муунун тарбиялаган.

Шакирттеринин бири КР эл артисти Садыр Жумашев устаты Болот Миңжылкыевди мындайча эскерет.

Оперный певец Булат Минжилкиев - Sputnik Кыргызстан
Болот Миңжылкыев. Таланттуу опера ырчысынын элесине сүртүмдөр
"Мен Болот агайдын акыркы бүтүрүүчүлөрүнөнмүн, кийинки жылы Санкт-Петербург шаарына кетип калды. Ошол жылдары анын Кыргызстандан кеткени аябай билинди, эч ким ордун баса албай койду. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында маданият тармагы көңүл сыртында калган, ошол учурга аябай жаны кейип жүрдү. Россияда жүргөндө да Мариин театрынын солисттерин бизге чакырып, биздегилерди ал жакка жиберип, кыргыз аткаруучулардын деңгээлин көтөрүүгө катуу аракет кылган. Бийликтегилер анын демилгесин, далалатын колдобой койду. Окуучусу катары мен анын өтө жөнөкөйлүгүнө баа берчүмүн. Мисалы, мен айылдан окуганы келгенде орусча такыр билчү эмесмин. Башкаларга орусча айтып, мени өзүнчө алып калып кыргызча түшүндүрчү. Уюткулуу сүйлөп, жеткиликтүү сабак берчү", — деди Жумашев.

© Sputnik / Александр ФедоровАлгач Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын студиясынан, андан кийин Өзбекстандагы Ташкент консерваториясында, Италиядагы "Ла Скала" театрында окуп, жалпы 12 жылдай билим алган
Өмүрүнүн акырында катуу кыйналып жүрдү... Болот Миңжылкыевди эскерүү - Sputnik Кыргызстан
Алгач Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын студиясынан, андан кийин Өзбекстандагы Ташкент консерваториясында, Италиядагы "Ла Скала" театрында окуп, жалпы 12 жылдай билим алган

Ошондой эле ал Болот Миңжылкыевден атайын сабак алуу үчүн башка союздук республикалардан, чет өлкөлөрдөн өнөрпоздор келе тургандыгын кошумчалады.

Ал эми Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисти, КРдин эмгек сиңирген артисти Рысбек Абдубачаев залкар инсандын тарбиялануучулары чет өлкөдө да аз эместигин айтат.

Легендарлуу ырчы Болот Миңжылкыев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Легендарлуу ырчы Болот Миңжылкыев жөнүндө 10 факты. Айтматов билетке жетпей калганда
"Мен кичинекей кезден эле Болот Миңжылкыевди жакшы билем. Анын уулу менен чогуу чоңоюп дос болчумун. Себеби апам Даркүл Күйүкова, Муратбек Рыскулов жана Болот агай болуп бир көп кабаттуу үйдө жашачубуз. Талантты баалай билген инсан эле. Менин жакшы ырдай аларымды кичинекей кезимде эле байкап, мугалимим Сайра Кийизбаевадан сурап алган. Эмгек жолунда бир топ мыкты аткаруучуларды тарбиялады. Алардын айрымдары азыр Америка, Россиянын эл артисти, эмгек сиңирген артисти болуп иштеп жүрүшөт. Кезинде ал киши Кыргызстанда бааланбай калгандыктан, бизге таарынып, Санкт-Петербург шаарында Мариин театрында иштеп жүрдү. Насаатчы, мугалим катары адамга көңүл бура билген, өтө жөнөкөй, кичи пейил инсан болгон. Театрда танапис учурунда биз менен карта ойноп, акчасын уттуруп коюп кетип калчу. Кыргыздын бактысына дүйнөнү дүңгүрөткөн андай аткаруучу дагы жаралабы, билбейм", — деди Абдубачаев.

© Sputnik / Александр ФедоровЭмгек жолунда бир топ мыкты аткаруучуларды тарбиялады. Алардын айрымдары азыр Америка, Россиянын эл артисти, эмгек сиңирген артисти болуп иштеп жүрүшөт. Насаатчы, мугалим катары адамга көңүл бура билген, өтө жөнөкөй, кичи пейил инсан болгон
Өмүрүнүн акырында катуу кыйналып жүрдү... Болот Миңжылкыевди эскерүү - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жолунда бир топ мыкты аткаруучуларды тарбиялады. Алардын айрымдары азыр Америка, Россиянын эл артисти, эмгек сиңирген артисти болуп иштеп жүрүшөт. Насаатчы, мугалим катары адамга көңүл бура билген, өтө жөнөкөй, кичи пейил инсан болгон

Кыргыздын опера ырчысы италиялык Пьеро Капучили, Жанни Раймонди, болгариялык Николай Гяуров, СССРдин Чоң театрындагы кесиптештери менен теңтайлаша обон созуп, дүйнөнү түрө кыдырган. Миңжылкыевдин кесипкөйлүгүн, тубаса талантын замандашы Керим Орозбаев да баса белгилеп, ырчынын бир концертине Чыңгыз Айтматов кире албай калгандыгын сөз кылды.

Белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев, атактуу режиссёр, сценарист Геннадий Базаров менен Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисттеринин сүрөтү 1974-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган - Sputnik Кыргызстан
Азыр андай инсандар жок... Сахнадагы залкарлардын таберик сүрөтү
"Миңжылкыев кыргыз элин дүйнөгө таанытты, чыгармачылык жолумда аны менен иштешип калганыма сыймыктанам. Ал Нью-Йорк, Мадрид сыяктуу дүйнөдөгү атактуу театрларда ырдап, ал жерге келген ар кыл улуттагы угармандарды таң калтырчу. Мен бир эле мисалды айтайын, бир жылдары Болот агай концерт коюп АКШга барып калды. Аны угуу үчүн эл театрдын алдында узун кезекке туруп алышкан. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов "Борис Годунов" операсын көргөнү барып билет таппай кире албай, Миңжылкыев өзү киргизген. Коңур үнү, кесипкөйлүгү менен көпчүлүктү таң калтырчу. Концерттен кийин чет элдик басылмалар сөзсүз Миңжылкыев жөнүндө макала жазчу", — деп эскерет Орозбаев.

© Sputnik / Александр ФедоровКыргыздын опера ырчысы италиялык Пьеро Капучили, Жанни Раймонди, болгариялык Николай Гяуров, СССРдин Чоң театрындагы кесиптештери менен теңтайлаша обон созуп, дүйнөнү түрө кыдырган
Өмүрүнүн акырында катуу кыйналып жүрдү... Болот Миңжылкыевди эскерүү - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын опера ырчысы италиялык Пьеро Капучили, Жанни Раймонди, болгариялык Николай Гяуров, СССРдин Чоң театрындагы кесиптештери менен теңтайлаша обон созуп, дүйнөнү түрө кыдырган

Болот Миңжылкыев тууралуу өмүрлүк жары, белгилүү балет бийчиси Рейна Чокоева да айтып берди. Жубайлардын ортосунда бир уул бар. Ал жолдошу аябай карапайым болгонун айтат.

"Театрда иштеп жүрүп таанышып, кыз-жигит болуп жүрүп, кийин үй-бүлө курдук. Бүт адамдар менен тил табышып бат эле дос боло калчу. Чогуу жашап жүргөндө "жашоодо эмне гана болбосун, сен менин жүрөгүмдө жалгызсың" деп калчу. Кийин Мариин театрына иштеп кеткенде кыйналып жүргөнүн сезчүмүн. Өзү үчүн ылайыктуу жер таба албай калды. "Мен мекениме кайтып келем, Ысык-Көлгө үй салам" деп кыялданып калчу. Жашоосунун акыркы күндөрүндө катуу кыйналып жүрдү. Бир күнү өзү чалып "инфаркт болуп ооруканага жатып калдым" деди. Мен анын абалы ошончолук болуп кетет деп ойлогон эмесмин", — деп Чокоева журналисттерге эскерген жайы бар.

Залкар талант 1997-жылы Санкт-Петербург шаарында 57 жашында каза болуп, Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0