Central Asia Got Talent сынагы аяктады. Кыргызстандан ким мыкты болду? Видео

© Фото / Central Asia's Got TalentТелевизионное шоу Central Asia Got Talent
Телевизионное шоу Central Asia Got Talent - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңүүчүлөрдү аныктоо салтанаты 22-декабрь күнү Нур-Султан шаарындагы (Казакстан) Тынчтык сарайында болуп өттү.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Тажикстандык Чоршанбе Аловатов Central Asia Got Talent сынагынын гранд-финалынын жеңүүчүсү деп табылды.

Вундеркинды из Кыргызстана пробились в финал Central Asia Got Talent. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык вундеркинддер Central Asia Got Talent сынагында финалга чыкты. Видео
Жеңүүчүлөрдү аныктоо салтанаты 22-декабрь күнү Нур-Султан шаарындагы (Казакстан) Тынчтык сарайында болуп өттү.

Финалга 12 катышуучу чыккан. Алардын экөө Тажикстандан, төртөө Казакстандан, үчөө Кыргызстандан болсо, дагы үчөө Өзбекстандан эле. Жеңүүчүлөрдү көрүүчүлөрдүн добушу менен аныкташты.

Жыйынтыгында ар бир өлкөдөн өзүнчө жеңүүчү жана жалпы гран-принин ээси аныкталды. Казакстандан экстрималдык жанрда эл алдына чыгып жүргөн Галымжан Ауесбай алса, Кыргызстандан жаш ырчы Айжан Нусувалиева мыкты болду. Тажикстандык таланттардын сап башына "Падида" театр-студиясы чыкты. Өзбекстандыктар арасында баш байгени бийчи Далер Шавкатов алды. Ар бир жеңүүчү үч миллион тенгеден (7800 доллардын тегереги) байгелүү болушту.

Ал эми жалпы сынактын жеңүүчүсү Тажикстандан келген 22 жаштагы аткаруучу Чоршанбе Аловатов болду. Ага баш байге катары 10 миллион тенге (26 миң доллар) ыйгарылды.

Аловатов алгачкы күндөрү эле белгилүү тажик ырчысы Муборакшо Мирзошоевдин "Акрамчон" чыгармасын аткарып, калыстар тобуна жаккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0