21:47 28 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9712
  • RUB1.1117
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (338)
148110

Кыргыз поэзиясынын классиги, улуу акын Алыкул Осмонов узакка созулган оорунун азабынан жарык дүйнө менен 69 жыл мурун кош айтышкан. Мезгил эрте алганы менен акындын ырлары азыркыга чейин таасирин, касиетин жоготпой келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 35 жылдык өмүрүнө карабастан артына эбегейсиз мурас калтырган алп акын тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Ымыркай кезинде апасынан ажыраган. Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта табиятка жаңы дем берген Нооруз менен кошо Кара-Балтадагы Каптал-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси Осмон менен Алтын колунда жок карапайым адамдар эле. Кайгылуу турмуш болочоктогу акын үчүн эрте эле башталып, ымыркай кезинде апасынан, жашы үчкө келгенде атасынан ажырайт. Ошентип эки бир тууганы менен бирге бараар жери жок жетимге айланат. Жарытылуу кийимге, курсак тойгузган тамакка жетпей, суукта калган күндөрүндө тагдырдын дагы бир соккусуна кабылып кургак учук оорусу жабышат. Бой жетпей азапка тумчуккан Алыкулга 1925-жылы гана баш калкалоочу жай табылат. Туугандары аны Токмоктогу балдар үйүнө тапшырышат.

Балдар үйүндө тарбияланган. Алыкул Осмонов үчүн балдар үйү жылуулук жана мээрим тартуулаган экинчи үйгө айланат. Бул жер аны жатканга жер, ысык тамак гана эмес, татыктуу билим менен да камсыз кылат. Чала болсо да орус тилин үйрөнгөн зирек бала окуу жайдын белдүү окуучуларынын катарында эле. Мурда билбеген дүйнөлүк жазуучулардын китептери менен таанышып, руханий дүйнөсүн, акындык талантын өнүктүрөт. Алгачкы ыры да дал ушул жердеги окуучулардын дубал гезитине чыгат. Анан тарбиячысы Грунья Савельевна менен таанышат. Ата-эне сүйүүсүн татпаган бала үчүн тарбиячысы чыныгы коргоочуга айланат. Акын Грунья Савельевнадан көргөн жардамын өмүр бою унутпай, ага арнап бир нече ыр жаратат. Алыкул өз үйүнө айланган балдар үйү жана энесинин ордун толтурган тарбиячысы менен 1929-жылы коштошот.

Портрет Алыкула Осмонова, художник Гапар Айтиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта табиятка жаңы дем берген Нооруз менен кошо Кара-Балтадагы Каптал-Арык айылында жарык дүйнөгө келген.

Оорусу окуусуна кедергисин тийгизет. Осмонов Токмокту артта калтырып, жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн Фрунзе шаарына келет. Борбор калада замандын эң маанилүү окуу жайы болгон педагогикалык техникумга тапшырат. Бул жерде Райкан Шүкүрбеков, Мидин Алыбаев сыяктуу адабиятка шыктуу, таланттуу жаштар менен бирге окугандыгы анын чыгармачылыкка кызыгуусун дагы да арттырат. Бирок күн-түн дебей жазган ырларын курдаштарына көрсөтүүдөн тартынат. Анткени эмгектеринин көбү ата-энесине болгон кусалыгы, оор тагдыры тууралуу эле. Ошентип 1930-жылы "Сабаттуу бол" гезитине "Кызыл жүк" ыры чыгат.

"Ал ырды окуп алып ошол түнү кубанганымдан уктабай чыктым. Газетаны катып коюп, күнүгө он жолу окуйм. Эртеси дагы бирди жазып алпардым, анан дагы... дагы... Сабак маалында да, бош убагымда да жазам", - деп жазганы бар. Гезит беттерине чыккан чыгармалары башка улуу акындардын да көңүлүн буруп, Жоомарт Бөкөнбаев менен Аалы Токомбаев жаш Алыкулга мактоо сөздөрүн айтышат. Бирок жаштайынан кое бербеген дарты билим алуусуна да кедергисин тийгизет. Мындан улам 1933-жылы окуусун толук бүтүрбөй, техникумду таштоого аргасыз болот. Ара жолдо калган акын айылга кетүүгө камына баштайт. Ошондо Аалы Токомбаев ага иш таап берип, шаарда калып чыгармачылыгын улантууга шарт түзүп берет. Жазуучунун жардамы менен "Чабуул" журналында башталган журналисттик ишмердиги "Ленинчил жаш" гезитинде уланат.

Ырларына ичи чыкпаган акын. Эки жылга жакын убакыттын ичинде жазган ырлары эл арасына тарап, таанымал акынга айланат. 1935-жылы талыкпаган эмгегинин натыйжасы катары "Таңдагы ырлар" деген биринчи жыйнагы жарык көрөт. Анын ичине акындын алгачкы поэмасы "Ок жаңылды" да камтылган эле. Ага улай 1937-жылы "Жылдыздуу жаштык" жана "Чолпонстан" жыйнактары чыгат. Дале болсо калеми жетиштүү курчуй элек жаш акындын бул жылдары жазган ырлары көбүнчө төкмө акындардыкындай жамакка жакын эле. Мындан улам анын ырларын окурмандар сүйүп окуса да, акындын өзүнүн ичи чыкпайт. Бирок эмгеги жогорку жактан да татыктуу бааланып, 1938-жылы Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынып, ага кошумча Ардак грамота менен сыйланат. Өз эмгектерине сын көз караш менен караган бул инсан 1945-жылдан кийинки чыгармачылыгына гана ичи жылыган. Өзү да бул мезгилди чыгармачыл жактан жетилген, бышкан убагы экендигин белгилеген жайы бар. Чындыгында эле Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийинки беш жыл Осмонов үчүн жемиштүү мезгилге айланат. Алгач 1945-жылы жубайы Зейнеп Сооронбаева менен болгон оош-кыйыштуу жашоосу тууралуу "Махабат" жыйнагы чыгат. 1947-жылы ырлар жана поэмаларды камтыган "Балдар үчүн", "Менин жерим — ырдын жери" жана "Жаңы ырлар" жыйнактары жарык көрөт. Ошондой эле орус тилинде жазылган "Мой дом" жыйнагы адабият тармагындагы Сталиндик сыйлыкка талапкер болот.

Картины в доме-музее поэта Алыкула Осмонова в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алыкул Осмонов 1938-жылы Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынып, ага кошумча Ардак грамота менен сыйланат. Өз эмгектерине сын көз караш менен караган бул инсан 1945-жылдан кийинки чыгармачылыгына гана ичи жылыган.

Акындын ашыгы Айдай. Алыкул Осмонов үйлөнгөнгө чейин жашоосунда бардыгынан жогору коюп, чын дилинен махабатын арнаган кыз болгон. Акын аны күндөлүгүнө, сүйүү ырларында "А" деген ат менен жазып, алгачкы жолу сүйгөн айымы катары белгилеп, экөөнүн чогуу өткөргөн күндөрүн өмүрүндөгү эң бактылуу мезгил катары эсептеген. Замандаштары анын жүрөгүн алган кыздын чыныгы ысымы Айдай Жигиталиева экендигин айтышат. Акындын күндөлүгүнө баам салсак, акын сүйүктүүсү менен 1937-жылдын башталышын — Жаңы жылды чогуу тосконун жазган. "Кубанычтуу жолугушуу кандай. Аны канчалык көп көрсөң, ошончолук сугуң артат. Ошончолук жүрөгүңдөн от жалындап күйөт. Андан соң "Наталка Полтавканы" үч киши барып көрдүк. Көңүлдүү олтурдук. Жолдо турмуш жөнүндө сүйлөштүк". Бул ошол эле жылдын январь айынын ортосунда жазганы. Бирок экөөнүн махабаты көпкө узабай, 1938-жылы май айында ашыктар бири-биринен кол үзөт. Акын ажырашуунун чыныгы себебин өзү да билген эмес. Экөөнүн эки ача жолго түшкөнү тууралуу көп түркүн божомол кептер айтылат. Алардын бирине караганда, ошол кездеги каада-салтка ылайык, Айдайды ата-энеси башка бирөөгө кудалап беришкен экен. Алардын көңүлүн кыя албай башканын колун кармаган жаш кыз төрөттөн кийин көз жумат. Алыкул күйүтүн ыр жана иш менен басууну чечип, күн-түн дебей жазып, аны менен бирге белгилүү "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасын которууга катуу киришет.

Бактысыз үй-бүлө. Алыкул Осмонов жубайы Зейнеп Сооронбаева менен 1940-жылы таанышат. Акын Москва театралдык институтун бүтүргөн жаш кыз менен жолуккан алгачкы күнү эле баш кошуу сунушун билдирген экен. Экөө кыз-жигит катары бир аз сүйлөшүп жүргөн соң 1941-жылы жазуучулардын баарын чакырып, чоң той берип чогуу түтүн булата башташат. Чыныгы интеллигенттик үй-бүлө болгон жубайлар чыгармачылыкка шердене киришет. Алыкулдун калеми токтобой, ал эми Зейнеп театр таануу ишине аралашып, кыргыз сахналарында коюлуп жаткан спектаклдерге рецензия жазып, басма сөз каражаттарына жарыялай баштайт. Бирок кандуу согуш убагына туш келген үй-бүлөлүк жашоонун боосу бек болбойт. Экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктер чогуу жашаганына бир жыл болгондон кийин чыга баштайт. Буга акындын түнт мүнөзү жана кызганчаактыгы себеп болгондугу айтылып келет. Жубайы жумушунан улам убактысынын көбүн театрда өткөргөндүгү абалды ого бетер курчутат. Качан гана үй-бүлө толукталып кыздуу болушкандан кийин гана үйгө аз да болсо жылуулук кирет. Кубанычы койнуна батпаган акындын башы төрөтканадан чыкпай, чүрпөсүнө Жыпар деген ысым коёт. Тилекке каршы, экөөнүн кубанычы узакка созулбайт. Төрөт үйүндө суукка урунган бөбөк 15 гана күн жашаган соң чарчап калат. Анын өлүмү Алыкулга өтө чоң сокку болуп, бир топ убакыт колуна калем албайт. Эми гана өз нугуна түшкөн үй-бүлөдөгү ынтымак кайрадан урай баштайт. Күн алыс кайым айтышып, уруша берип, акыры 1943-жылы ажырашууга аргасыз болушат.

Книги и 200-сомовая купюра великого кыргызского поэта Алыкула Осмонова в одноименном Доме музее
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алыкул сүйгөнү Айдайынан ажырагандан кийин Зейнеп Сооронбаева менен 1940-жылы таанышат. Акын Москва театралдык институтун бүтүргөн жаш кыз менен жолуккан алгачкы күнү эле баш кошуу сунушун билдирген экен.

Пушкин жана Шекспирди кыргызчалаган. Алыкул Осмоновдун котормочулук ишмердиги да акындыгынан кем калбаган мааниге ээ. Алгачкы жолу жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде орус акыны Александр Пушкиндин "Кышкы түн" ырын кыргызчалайт. Бирок ага өзүнүн көңүлү толбой, көпчүлүккө көрсөткөн эмес. Качан гана калеми курчуган соң Пушкиндин "Евгений Онегин" жана башка ырларын, Уильям Шекспирдин "Отеллосун", Михаил Лермонтовдун эмгектерин жана "Качкын" поэмасын, Иван Крыловдун "Тамсилдери" баштаган бир топ чыгармаларды которот. Ал эми анын котормочулуктагы эң маанилүү эмгеги катары грузин акыны Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" чыгармасы. Бул поэманы кыргызчалоо жандалбасы акындын түн уйкусун алган. "Чоңойдум, эр жеттим, эми бир зор иш кылбасам, менин Алыкул атым кайсы? Эгер бул иш менин колуман келбесе, анда мен чабал акынмын, колумдан эчтеке келбейт", - деп күндөлүгүнө да жазган. 1938-жылы башталган которуу иши анын эки жылга жакын убактысын алат. Кай жерде жүрбөсүн күн-түн дебей иштелген китеп акыры 1940-жылы Казань шаарында 10 миң нуска менен чыгат. Бул китеби Алыкулга мурда болуп көрбөгөндөй ийгилик алып келип, чыгарма дароо окурмандардын сүйүүсүнө арзыйт. Ал тургай китептеги Автандил, Тариэл, Батма, Нестан, Тинатин аттуу каармандардын ысымдары азыркы күнгө чейин кыргыздардын арасында популярдуулугун жоготпой келет.

Дартынан айыга албаган акын. Алыкулга жаштайынан жабышкан кургак учук аны аксатып, бир топ запкы жедирди. Бул оору бир гана турмушуна эмес, чыгармачылыгына да терс таасир тийгизген экен. Мындан улам акындын эмгектеринин көп бөлүгүн өлүм жана тирүүлүк жөнүндө ырлар түзгөн. Ошондой эле анын көпчүлүктөн оолак жашоосуна, жалгыздыкты тандоосуна жана түнт мүнөзүнө да дал ушул дарты түрткү болгон. Сүрөтчү Гапар Айтиевдин жубайы Гарифа акынды жакындан тааныгандыктан ал оорусунун азабын катуу тартканын белгилейт. Гезиттердин бирине берген маегинде: "Алыкул биздин үйгө көп келчү. Бирок кең-кесири маектешип деле отура алчу эмес. Оорусу бар эмес беле. Ошонусунан кысынып, кайра тез эле жөнөп калчу. "Силердин жаш балдарыңар бар" деп тамак ичсе идишин өзү жууп, анан кетчү. Ушинтип ооруну бирөөгө жугузуп албайын деп аябай этияттанып, сактанып эле жүрчү", — деп айткан. Алыкул Осмонов көп жылдар бою өлкөдөгү оорукана, санаторийлерди кыдырып, айыгууга катуу аракет кылат. Бирок, тилекке каршы, дарт 1950-жылдын кышы менен кошо күчөй баштайт. Ичээр суусу аяктап баратканын сезгендей акыркы жолу көл жээгине барып келген соң Фрунзе шаарындагы үйүндө 12-декабрда ызгаардуу суук күндө жашоо менен кош айтышат.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (338)

Тема боюнча

Алыкулдун ааламына тест. Чыгармалар менен каармандарды канчалык билесиз?
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар! Алыкул Осмоновдун кеп казынасы
Белгилер:
факты, адабият, поэзия, ыр, акын, Алыкул Осмонов

ЭҢ МААНИЛҮҮ