09:50 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Бишкекте мода көргөзүү. Архивдик сүрөт

Бишкекте мода жумалыгы менен форум өтөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
126 0 0

Иш-чаранын алкагында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен форум уюштурулат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкекте 7-ноябрдан 16-ноябрга чейин тигүү өнөр жайына арналган Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 мода жумалыгы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Анын алкагында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен жогорку деңгээлдеги форум уюштурулат.

Маалыматта 7-ноябрдан 11-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда жергиликтүү тигүүчүлөрдүн колунан чыккан кийимдердин көргөзмө-жармаңкеси өтөрү айтылды.

Ал эми 13-ноябрдан 16-ноябрга чейин "Жаннат" мейманканасында мода жумалыгы уюштурулат. Анын алкагында жаш дизайнерлердин The Next Fashion, өндүрүш компаниялары үчүн Fashion Brand конкурсу өтмөкчү.

Ошондой эле текстиль-тигүү тармагын өнүктүрүүгө арналган тегерек стол уюштурулуп, жергиликтүү тигүүчүлөрдүн экспорттук атаандаштыгын арттыруу тууралуу кеп болот.

Тегерек столдо айтылган бардык сунуш-пикирлер 16-ноябрда премьердин катышуусу менен өтө турчу форумда ачыкталат.

Тема боюнча

Түркияда мода көргөзүү учурунда подиумга чыккан мышык күлкү тартуулады
Бишкекте комузчу Ыбырай Тумановдун 130 жылдыгы белгиленет
Белгилер:
мода, өкмөт, Бишкек, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ