15:42 20 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
III Всемирных игр кочевников. 2 день. Этногородок Бишкек ордо в ущелье Кырчын

Көчмөндөр оюндарынын экинчи күнү. Учурда эмне болуп жатат?

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
730 0 0

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында бир катар мелдештер өтүп, Кырчын жайлоосунда көчмөндөрдүн жашоо турмушун көрсөткөн бир катар иш-чаралар болот.

Андан сырткары "Көчмөндөрдүн алтын доору" аттуу театрлаштырылган оюн-зоогу өтөт. Көчмөндөр оюндарынын дүйнөлүк үчүнчү оюндары 8-сентябрга чейин уланат.

Жаңы билдирүү
  • 19:55

    Sputnik Кыргызстан агенттиги көчмөндөр оюндарынын жүрүшүнө көз салып турат.

  • 19:54
  • 19:53

    Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын жүрүшүн ушул жактан акмалап карап турсаңыз болот.

    Флаги развеваются на ветру

    Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары

    Дагы
  • 19:51

    III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында атамекендик жети спортчу медаль тагынды

    Чолпон-Ата шаарындагы Ден соолукту чыңдоо борборунун сырткы сахнасында эркектер менен кыз-келиндер армрестлинг боюнча күч сынашты. Мелдешке 17 өлкөдөн келген 56 катышуучу ат салышып, кыргызстандык Мырза Билалов эки алтын, Назира Тентимишова эки коло, Евгений Лукянов бир күмүш бир коло жана Гүлнура Алмазбек кызы коло медаль тагынды.

  • 18:32

    Кырчын жайлоосунан көрүнүштөр

    Борцы проводили показательные выступления в ущелье Кырчын
    © Sputnik / Сергей Аладьев
    Борцы проводили показательные выступления в ущелье Кырчын
    © Sputnik / Сергей Аладьев
    Культурные мероприятия в ущелье Кырчын Иссык-Кульской области во время Всемирных игр кочевников — 2018
    © Sputnik / Сергей Аладьев
    Культурные мероприятия в ущелье Кырчын Иссык-Кульской области во время Всемирных игр кочевников — 2018
    © Sputnik / Сергей Аладьев
    Культурные мероприятия в ущелье Кырчын Иссык-Кульской области во время Всемирных игр кочевников — 2018
    © Sputnik / Сергей Аладьев
  • 18:05
    Радиокорреспондент Sputnik Кыргызстан Айтурган Сатиева
    © Фото / Аделина Каныбекова
    Национальные игры в костюмах в этногородке Бишкек ордо в ущелье Кырчын на третьих всемирных играх кочевниках
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
    В рамках III Всемирных игр кочевников состоялся визит первых леди Кыргызстана Айгуль Токоевой и Турции Эмине Эрдоган в этногородок Бишкек ордо в ущелье Кырчын.  3 сентября, 2018 года
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
    Всадники в костюмах в этногородке Бишкек ордо в ущелье Кырчын на третьих всемирных играх кочевниках
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
    Девушки в этногородке Бишкек ордо в ущелье Кырчын на третьих всемирных играх кочевниках
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
    Женщины в этногородке Бишкек ордо в ущелье Кырчын на третьих всемирных играх кочевниках
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
    Национальные игры в этногородке Бишкек ордо в ущелье Кырчын на третьих всемирных играх кочевниках
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
    Национальные игры в этногородке Бишкек ордо в ущелье Кырчын на третьих всемирных играх кочевниках
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
    Национальные игры в этногородке Бишкек ордо в ущелье Кырчын на третьих всемирных играх кочевниках
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
    В рамках III Всемирных игр кочевников состоялся визит первых леди Кыргызстана Айгуль Токоевой и Турции Эмине Эрдоган в этногородок Бишкек ордо в ущелье Кырчын.  3 сентября, 2018 года
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • 16:38
  • 16:25

     "Көчмөндөрдүн алтын доору" театрлаштырылган оюн-зоок программасы башталды. Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, сахнага Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды чакырды.

  • 15:42
  • 14:57
  • 14:55

    Кырчын жайлоосуна келген авто-унаалар.

    В ущелье Кырчын наблюдается огромное количество автомобилей.
    © Sputnik / Наталья Князева
    Автомобильный затор по пути в джайлоо Кырчын
    © Фото / Эламан Карымшаков
    В ущелье Кырчын наблюдается огромное количество автомобилей.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    В ущелье Кырчын наблюдается огромное количество автомобилей.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 14:54

    Кырчында мобилдүү клиникалар алып келинген

    Кырчын жайлоосуна элдин саламаттыгына кам көрүү үчүн атайын мобилдүү клиникалар алып келинген. 

    В этногородке Кырчын дежурит мобильная клиника — машины были подарены Кыргызстану в прошлом году правительством Российской Федерации.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
    В этногородке Кырчын дежурит мобильная клиника — машины были подарены Кыргызстану в прошлом году правительством Российской Федерации.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
    В этногородке Кырчын дежурит мобильная клиника — машины были подарены Кыргызстану в прошлом году правительством Российской Федерации.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • 14:51

    Кырчын жайлоосунда абал кандай?

    Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, учурда Кырчын жайлоосунда келген кишилер абдан көп. Негизги маданий иш-чара өтө турчу жер даярдалып, жогорку кызмат адамдары жана ардактуу коноктор отура турчу жай дайындалган. 

    Ал ошондой эле жайлоонун түрдүү бурчтарына дааратканалар коюлганын айтып, ал жакта кезек күткөндөр көп экенин айтты.

    Очередь в туалет в ущелье Кырчын
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Очередь в туалет в ущелье Кырчын на всемирных играх кочевников
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 14:27

    3-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата табигый жана башка кырсыктарды алдын алуу жана анын кесепетин жоюу максатында ӨКМ тарабынан жалпысынан 300гө жакын куткаруучу, 70ке жакын атайы техника тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынын башчысы Элмира Шерипова билдирди.

    "Бул техникаларга өрт өчүрүүчү бөлүмүнүн авариялык куткаруу машинасы жана инженердик техникалар кирет. Ал эми Кырчын жайлоосунда жалпысынан 20 атайын техника жана 120 куткаруучу тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругунун негизинде "Манас" аэропортунан баштап Кырчын жайлоосуна чейин каражаттар бөлүштүрүлгөн", деди ал.
    Анын айтуусу боюнча, азыркы мезгилге чейин ар кандай кырсыктар болгон жок жана бар да жаран кайрыла элек.

    Сотрудники МЧС в ущелье Кыргчын во время проведения III Всемирных игр кочевников
    © Sputnik
    Спецстехника МЧС в ущелье Кыргчын во время проведения III Всемирных игр кочевников
    © Sputnik
    Сотрудники МЧС в ущелье Кыргчын во время проведения III Всемирных игр кочевников
    © Sputnik
  • 13:24
  • 13:24
  • 12:54
  • 12:25

    Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче Кырчын жайлоосуна бараткан жолдо жол тыгыны болуп, автоунаалар жай гана кылып жатат. Ал ошондой эле жол жакшы оңдолгонун, коопсуздук чаралары каралып, Балыкчы шаарынан Кырчын жайлоосуна чейин жолду катар милиция кызматкерлери турганын кошумчалады.

    Автомобильный затор по пути в джайлоо Кырчын
    © Sputnik / Максат Элебесов
    Автомобильный затор по пути в джайлоо Кырчын
    © Sputnik / Максат Элебесов
    Автомобильный затор по пути в джайлоо Кырчын
    © Sputnik / Максат Элебесов
    Автомобильный затор по пути в джайлоо Кырчын
    © Фото / Эламан Карымшаков
  • 12:15

    Кыргыз балбандардын ийгилиги

    III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчи күнүндө 3 кыргыз балбаны медаль тагынды. 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Мелдештин биринчи күнү гуштини милли камарбанди (тажик күрөшү) мелдеш өтүп, 3 комплект медаль байгеге коюлду. Мелдешке жалпы 11 мамлекеттен келген 27 балбан катышып, 3 салмак категориясында (68 кг., 82 кг. жана абсолюттук салмак) күч сынашуу болду. 

    Мелдештин алгачкы күнү кыргыз балбандары үчүн ийгиликтүү жыйынтыкталды. Алар бир алтын, бир күмүш жана бир коло медаль тагынышты.

    Алгач 68 килограмм салмакта кыргыз балбаны Марлен Абдрасулов финалга чыгып, алтын медаль үчүн чечүүчү беттеште түркмөнстандык Бегенч Йагмуровду утуп алды. 3-орунду казакстандык Муратхан Берикбол жана орусиялык Шабиев Разиль ээледи. 

    82 килограмм салмакта айыгышкан кармаштардын жыйынтыгында финалга кыргызстандык Шерикбай Аманилла уулу менен россиялык Артур Зулкарнаев чыкты. Финалдык беттеште орусиялык балбандын даярдыгы мыкты болуп, жеңүүчү аталды. 

    Бүйүр кызыткан абсолюттук салмак категориясында кыргыз балбаны Кайрат Тойчиев жарым финалда жеңилүү ызасын тартып, 3-орунду ээледи. Финалда баш байгени түркмөнстандык Аннамурат Мурадов өз эсебине жаза алды. 

    Жалпы сыйлык ээлери: 

    68 килограмм 

    1-орун - Марлен Абдрасулов (Кыргызстан) – 75 миң сом;

    2-орун - Бегенч Йагмуров (Түркмөнстан) – 35 миң сом;

    3-орун - Муратхан Берикбол (Казакстан) – 17 миң 500 сом;

    3-орун - Шабиев Разиль (Россия) – 17 миң 500 сом.

    82 килограмм:

    1-орун - Артур Зулкарнаев (Россия) - 75 миң сом;

    2-орун - Шерикбай Аманилла уулу (Кыргызстан) – 35 миң сом;

    3-орун - Силапберди Нуриев (Түркмөнстан) -17 миң 500 сом;

    3-орун - Элмаддин Рамазанов (Азербайжан) – 17 миң 500 сом.

    Абсолюттук салмак: 

    1-орун - Аннамурат Мурадов (Түркмөнстан) 75 миң сом;

    2-орун - Жонгор Паренбаатар (Монголия) – 35 миң сом;

    3-орун - Кайрат Тойчиев (Кыргызстан) – 17 миң 500 сом;

    3-орун - Максат Жандилдаев (Казакстан) – 17 миң 500 сом.

  • 12:09

    Бүгүнкү оюндардын расписаниеси

    Расписание ВИК на кыргызском

    Көчмөндөр оюнундагы мелдештердин расписаниеси. Календарь жана карта

    Бул жерден Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарындагы мелдештердин расписаниесин, Кырчын жайлоосу менен Чолпон-Атанын ипподромундагы иш-чаралардын убакыт саатын көрө аласыздар.
    Дагы
  • 12:05

    Көк бөрү: Кыргызстан Монголиянын чаңын сапырды

    Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы. Архивдик сүрөт

    Кыргыз көк бөрүчүлөрү монгол командасынын чаңын асманга сапырды

    Кыргызстандын командасы жеңишке жетип, турнирдик таблицадан үч упай топтоду.
    Дагы
  • 12:04

    Урматтуу окурмандар Ысык-Көлдө өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарынын жүрүшү тууралуу силерди маалымдар кылып турабыз. Биздин сайтка бат-баттан баш багып туруңуздар.

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)

Тема боюнча

Көчмөндөр оюнундагы мелдештердин расписаниеси. Календарь жана карта
Кыргыз көк бөрүчүлөрү монгол командасынын чаңын асманга сапырды
Көп күттүргөн Көчмөндөр оюндарынын ачылышынан ажайып 20 сүрөт
Ат жалындагы селки, Карахан менен кагышуу. Көчмөн элди сыймыктандырган видео
Белгилер:
программа, оюн, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Чолпон-Ата, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ