"Айканын" режиссеру мигрант кыргыз кызды эмнеге казак актрисасы ойногонун айтты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЗакрытие 71-го Каннского международного кинофестиваля
Закрытие 71-го Каннского международного кинофестиваля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
“Айка” тасмасынын режиссеру Сергей Дворцевой кыргызстандык мигрант кыздын оор тагдыры Канн фестивалына келгендерди ыйлатат деп ишенген.

Sputnik, Алексей Стефанов.

"Айка" кинофильминин режиссеру, россиялык Сергей Дворцевой менен Sputnik кабарчысы кайрадан жолго камынып жаткан учурунда барып сүйлөштү. Канндан Москвага жаңы келип, эми Астанага казак актрисасы Самал Еслямова менен жөнөп жатыптыр. Айтмакчы, актриса "Айка" киносунда ойноп, аялдын мыкты ролу үчүн байге алган. Еслямова мекенинде чыгармачылык ийгилигин белгилеп, анан да маалымат жыйынын өткөрүү ниетинде экен. 

“Бул картина боюнча алты жыл иштедим. Жылдын ар мезгилин тартыш үчүн эле бир нече ай, кээде андан да көп убакыт кетет. Азыр кино заматта эле тартылып калат деп эсептешет", — деди Дворцевой.

Режиссер мындан бир нече жыл мурда жүрөктүн үшүн алган сандарды уккандан кийин фильмдин сценарийин өзү жазганга киришкен. Ал Москвада жылына эки жүзгө чукул кыргызстандык кыз-келиндер чүрпөсүнөн баш тартат деген маалымат алган. 

© YouTube/ The UpcomingОн потряс Каннский кинофестиваль — первые кадры фильма о кыргызской мигрантке
Он потряс Каннский кинофестиваль — первые кадры фильма о кыргызской мигрантке - Sputnik Кыргызстан
Он потряс Каннский кинофестиваль — первые кадры фильма о кыргызской мигрантке

"Абдан таңгалдым. Казакстанда туулуп, Чымкентте өскөн орус жигити катары Борбор Азияны, андагы балага болгон мамилени жакшы билем. Ошол маалыматты уккандан тарта Москвадагы кыргызстандык аялдардын тагдырына баам сала баштадым. Мындай кадамга түрткүдөй мигранттардын жашоосунда эмнелер болуп жатат деген суроого жооп издедим", — деп режиссер айтып берип отурду. 

Башкы ролду казакстандык актриса Самал Еслямовага ишенип бериптир. Эмне үчүн, аны Казакстанда көп деле таанышпайт го деген суроого режиссер төмөнкүчө жооп берди.

"Мени башкалар кызыктыра албай, көңүлүмө толбой койду. Анын үстүнө мындан 10 жыл мурда Самал менен “Тюльпан” деп аталган тасмамда чогуу иштешкем. Ал картина да Канндагы кинофестивалда көргөзүлүп, катарлаш конкурста байге алган. Самалдын бул ирет да жакшы ойнорунан шек санаган жокмун. Негизи өзү күчтүү актриса, анын аткарганы залдагыларды ыйлатты", — деди режиссер.

Дворцевойдун эмгектери анча деле көп эмес, негизинен даректүү фильмдер. Алардын ичинен "Тюльпан" менен "Айка" гана көркөм тасмалар. Экөө тең Канндан куру кол кайткан жок, экөөндө тең Самал Еслямова ойноду.

“Бизди Каннда абдан жылуу тосуп алышты. Самал — азамат!" – деди Дворцевой сыймыктанганын жашырбай.

Режиссер менен актрисанын 10 жыл илгерки кызматташуусу казак актрисасынын кыргыз мигрант кызынын ролун ойноосуна себепкер болуптур.

"Айка" фильми тууралуу кабар угулганда Кыргызстанда нааразы болуп, кыргыздардын намысына шек келтирген тасма деген маанайдагы пикирлер айтылды.

Буга режиссер эч кимди таарынтпай, болгону мигранттардын оңой эмес тумушун шөкөттөбөй, кандай болсо, ошондой бергенин айтты.

“Кинодо эч нерсени ойлоп тапкан жокмун. Башкы каармандын образы чогултулган образ, бирок болгон турмуштан алынды. Мени менталитетти түшүнбөйт деп күнөөлөгөнгө болбойт, себеби азия элдеринин арасында жашадым, ошол жерде туулуп-өстүм. Калктын салт-санаасын жакшы билем”, — деди режиссер. 

"Айка" киносуна кесипкөй актерлордон сырткары чыныгы эмгек мигранттар да тартылган. Алардын бир катарлары мыйзамсыз иштеп жүргөндөр да болгон. Киного тартыла турган кесипкөй эместерди Чолпонай Бөрүбаева чогулткан, өзү да картинада ойногон. Андан сырткары, Еслямовага кыргыз тилин үйрөнүүгө жардам берген. 

Актер Нургазы Сыдыгалиев сыгравший роль Нургазы в фильме Белый пароход - Sputnik Кыргызстан
Эки кишини өлтүрүп ала жаздагам... "Ак кемедеги" Нургазы Сыдыгалиев менен маек
Дворцевой башка иштерге алаксыбай "Айка" боюнча иштеп, изденип жүрүп отурган. Азыр тасманы тартып бүтсө да, ал процессте жүргөндөй сүйлөйт.

"Каннга биз кээ бир жерлери бүтө элек, чийки материалды алып келдик, фестивалга толук даярдоо, монтаждоо иштери аягына толук чыга элек болчу. Кинофильмди бүтүрүү үчүн бизге дагы бир ай керек. Мен айткан иштерди аягына чыгаргандан кийин гана картина толук бүттү деп эсептеп, прокат тууралуу ойлонсок болот", — деди Дворцевой.

Канндагы 71-кинофестиваль Францияда 8-19-майда өттү. Режиссер Сергей Дворцевойдун "Айка" фильми Россиянын атынан негизги программага киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0