20:12 18 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR79.3952
  • RUB1.0462
Маданият

Бир чара балык, боз үйдө жашаган асылдар. "Бакайдын жайытынан" таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (49)
36430
Бир чара балык, боз үйдө жашаган асылдар. Бакайдын жайытынан таберик сүрөт
© Фото / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Он жаштагы Назирет Дубашев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозованын сүрөтү 1966–жылы Суусамыр жайлоосунда тартылган.

Ал жылы СССРдин эл артисти, режиссер Төлөмүш Океев "Бакайдын жайыты" тасмасын тартып, анда Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева, Самак Алымкулов жана Бексултан Жакиев роль жараткан. Башкы ролдордун бири — Урум апаны Алиман Жангорозова ойногон.

Жылкычы Бакайдын кичүү уулу Калыктын образын жараткан Назирет Дубашев тартуу маалындагы көз ирмемдерди мындайча эскерет:

"Ал фильмге чейин "Биринчи мугалимге" тартылып таанылып калгам. Ошондо Океевдин тасмасына сынак жарыяланып өтүп кеткем. Ал мезгилде Жумадылов, Рыскулов, Жангорозова өңдүү улуу инсандар менен иштешкениме сыймыктанам. Тоодо жүргөндө ата-энемди сагынасың, бирок интернатта тарбиялагандыктан анча катуу куса болгон жокмун. Чыгармачыл төп эки боз үйдө жашачубуз. Балдар болуп толтура балык кармап келебиз. Алиман апа бир чара кылып аны кууруп берчү. Асыл адамдар эле", — деди Дубашев.

Кийин "Бакайдын жайыты" калың элге сунушталганда Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарларында, Ленинград жана Душанбедеги эл аралык фестивалда бир катар сыйлыктарга ээ болгон.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (49)

Тема боюнча

Индия ырларын созгон Гүлжамал, бакырайган Нургазы. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
"Эрте келген турналардагы" кара көз сулуу. Мырзагүлдүн таберик сүрөтү
Белгилер:
Сүрөт, "Бакайдын жайыты" тасмасы, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ