Бишкекте дипломаттар обон созуп, 20 улуттун маданияты көрсөтүлөт

© AP Photo / Anvar IlyasovӨзбек улуттук кийимин кийген кыздар. Архив
Өзбек улуттук кийимин кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат кызматы жарманкеден түшкөн каражат өлкөдөгү социалдык мекемелерге бериле тургандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстанда иш алып барган 20га жакын элчилик Нооруз майрамына карата өз улутунун тамак-аштардын түрүн жана кол өнөрчүлүк буюмдарды бишкектиктерге тартуулайт. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалыматы кызматынан кабарлашты.

Дипломатиялык жарманке Бишкек шаарындагы "Курманжан Датка" аллеясындагы эстеликтин жанында саат 10:00дөн саат 16:00гө чейин өтөт.

Майрамдык иш чаранын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы Нооруз майрамына карата программаны жарыялады
Жергиликтүү эл 20га жакын улуттун ашканасынан даам татып, улуттук буюмдарды, ар кыл сувенирлерди сатып алууга мүмкүнчүлүк алат. Андан сырткары, дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жана чыгармачыл топтор концерт тартуулайт.

Министрлик бул иш-чара көп улуттардын бирин-бири жакындан таанып жана маданияты тууралуу кабардар кылууга жакшы өбөлгө түзүп берет деген ишенимин билдирген.

Маалымат кызматы жарманкеден түшкөн каражат өлкөдөгү социалдык мекемелерге бериле тургандыгын кошумчалады.

Нооруздун негизги атрибуттарынын бири – сүмөлөк. Sputnik Кыргызстан агенттиги буудайды өндүргөндөн тарта аны бышырганга чейинки жасоо ыкмасын, сүмөлөк жасоону видеого тартып, анын тарыхына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0