15:04 24 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Учур театрынын актеру Жолдошбек Жанжигиттин архивдик сүрөтү

Жолдошбек Жанжигиттин айылга каты. Мен көмүлгөн боз дөңдөн абай салып жатармын...

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Нургүл Максутова
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (51)
47710

"Учур" театрынын актеру Жолдошбек Жанжигит айылга кат жазып, кичи мекен тууралуу жылуу сезимдерди козгоду. Булуттардын айткан саламын, 24 жашында көз жумган атасын эстеди.

Колума калем кармап кат жазбаганыма чын эле көп жыл болуптур, Москвадагы студенттик күндөрүмдө айыл-апа, тууган-урук, дос-курбума, өзгөчө окуучулук күндөрүмдөгү сулууларга ойда катыра кат жазып, анан калса түрлөнтүп бүктөөр элек. Үч бурч, төрт бурч, ромбик кылып, борбордук телеграфка барып ичине бир открытка кошуп, анан жообун күтүп жатчубуз. Кээде жазында кат жөнөтүп коюп, каттан биринчи каникулга келип калып, капыстан почтальон келип калса, ала коюп тытып салган күндөр болду. Бирок ойлоп баксам, айылга кат эч качан жазган эмес экем. Sputnik Кыргызстанга терең ыраазычылык билдирем, айылыңызга кат жазып бербейсизби дегенде дароо эле макул болдум. 

Актер театр Учур Жолдошбек Жанжигит с родителями. Архивное фото
© Фото / личный архив Жолдошбека Жанжигита
Жолдошбек (ортодо) апасы Замира, бөлөсү Нияз менен

Кыргыздарды көрсөм, каткырып жиберчүдөй болуп…

Кичи мекен, Ата мекен дегендин айырмасын эл-жерден алыс жүргөндө билет экенсин. Өзгөчө Кыргызстандын тээ алыскы айылында жүрүп эле бактыңа жараша борборго эмес, түз эле Москвага, болгондо дагы чок ортосунда, Кызыл аянттын жанында окуп калсаң жомоктогудай эле болуп каласың. Адеп барганда кызык абалга туш болуп ишенбей жүрдүм. Жерге (метрого) кирип эле бир аздан кийин чыксаң, башка жерде болуп каласың да башың айланып калат. 1996-97-жылдары дегеле Россияда кыргыздар аз болучу. Анда-санда көзгө илинсе, бир тууганыңды көргөндөй кубанаар элек. Ал кезде кайдан… түндүк, түштүк деген түшүнүк да жок болчу. Көрсө, ошондо кайра калыптанып баягы айылда жүргөндө сөз кезеги келгенде боло калчу регионализм деген түшүнүк, түп орду менен жоголуп ошол күндөн ушул күн бир гана Кыргызстан, анан кыргыз бир тууганым деген сезим пайда боло баштаган экен. 

Актер театр Учур Жолдошбек Жанжигит с матерью. Архивное фото
© Фото / личный архив Жолдошбека Жанжигита
Апасы Замира менен

Менин эки кичи мекеним бар

Дегеле Ата мекенди ар ким ар кандай түшүнөт эмеспи. Менин түшүнүгүмдө Ата мекен айылымдан башталат. Апам жапкан ысык тандыр нан, атам атын аркандаган казык, чаңын асманга сапырып чыбык минип ат ойногон чолок көчөм, чаңкаганда суусунумду кандыра жуткан "Көк-Булак" кыштообуздагы жүздөгөн булактар. Жайы салкын, кышы жылуу Чоң-Кеминим жана Чоң-Кеминдин төрү, киндик кан тамган Тегирменти айылым. Тегирменти деген сөз мен үчүн өмүрүмдүн башаты, балалык доорумдун жаркын элеси. Азыр дагы түш көрсөм сагынганда атам, апамдан мурда айылым кирип жана айылды, бири-бирине такыр окшошпогон уникалдуу айылдаштарымды, жан-жаныбар, курт- кумурска, канаттуу куштарын көрөм.

Менин эки айылым бар. Бул өсүп-өнгөн Тегирментим, ажал капилеттен алып, 24 жашында көз жумган атам Жанжигиттин айылы киндик кан тамган Кичи-Кемин. Ошондуктан улуу Манас эпосунда айтылгандай "Эки Кемин жердеген, эгиз кара ат бактырган эр Үрбүнүн урпагымын" деп айтып келем. Анткени атам Кичи-Кеминден, апам Чон-Кеминден болгондуктан "супер саякмын" дегендей "супер кеминдикмин" деп сыймыктанам. 

Кыргызский актер театра и кино Жолдошбек Жанжигит уулу во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
"Учур" театрынын актеру Жолдошбек Жанжигит

Ыраактап, балам кезим балама кетип барат

"Чыккан чыккан кыз чийден тышкары" деген калп эмес экен. Өзүмчө түтүн булатып, очор-бачар болгондо, өз айылына өзүң батпай, конок, чоочун болуп калат экенсиң. Азыр дагы ушул турган эки сааттык жолу бар айылыма барсам баягынын бири жок, андагы жаш муундар сага бейтааныш көрүнүп, өзүнчө эле кымтынып, өз колуң менен пайдубалын тургузган шаардагы үйүңө шаша жөнөйсүң. Бирок ыр саптарымда ар дайым эскерип турам.

Тегирменти көктөн кулап шарпылдап,
Чокусунда ак мөңгүсү жаркылдап,
Ышкынын жеп, гүлүн терген бала кез,
Өз балама кетип барат, ыраактап.

Өзгөчө жазда келгенимде айылым жыл өткөн сайын жашарып, менин жашым кадимкидей өтүп бара жатканын сезем.

Көк булактан көп булак,
Кошулушуп көп булак
Ылдый агат "Көк-Булак", — деп студент кезимде жазган күндөлүгүмдөгү саптарым эсиме түштү.

Анткени:

Суулар агат кан тамырча тушка тарап,
Суулар барып чоң дайрага кошулат.
Көлчүк эмес көлгө барып куюлалы,
Көп кылымдар албууттанып толкундап.

Өз бактымдын ырахатына балкып, мен дагы куса болгонумда ушул ыр саптарым менен салам дубай жөнөтөм.

Булуттар, баратсаңар сапар тартып,
Кеминдин тоолорунан өтөөрсүңөр.
Жолдошбектен аманат деп ак жамгырлар,
Дыбыратып бир жолу жаап өтөөрсүңөр.

Кылым жаша, туулуп-өскөн айылым, жаркын келечекте шаар болуп кеңейгениңди көрбөсөм да, боз дөңдө жер менен жер болуп руханий дүйнөдөн абай салып тураармын, менин Тегирментим!!!

Саламым менен уулуң, Жолдошбек Жанжигит

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (51)

Тема боюнча

Курмангазы Азыкбаевдин айылга каты. Нарынга качырган пахта, жымыйткан алгачкы сүйүү
Назира Мамбетованын айылга каты. Отундун үстүнө төрөлгөн наристе, камчы эңген кыз
Диктор Чынар Капарованын айылга каты. Жүнгө алмашкан Adidas, издеткен балалык
Белгилер:
айылга кат, айыл, Жолдошбек Жанжигит уулу, Чоң-Кемин
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ