Эгиз бийчилер — Hustle Twinz бий тобунун негиздөөчүлөрү. Алар кастингде хип-хоп стилиндеги бийди тартуулашкан. Телешоунун калысы белгилүү ырчы Ольга Бузова кыргызстандык эгиздерге абдан суктанган.
"Башкалар эмне дейт билбейм, бирок силер мыктысыңар! Мага бийиңер абдан жакты. Бири-бириңерге аябай окшош экенсиңер, ошол эле учурда силерде карама-каршылык, атаандаштык сезилип тургандай", — деди Бузова.
"Силер аябай жүрөктү элжиреткен жана шайыр балдар экенсиңер! Бийде биз менен бирге болгула", — деди калыстардын мүчөсү Татьяна Денисова.
Бийчилер Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына бул сынакка май айынан бери катышып жатканын айтты.
"Башында кастингдин алдындагы тандоого катышып, андан тандоо туруна өттүк. Ошентип кечээ эфирге чыккан "Шаардагы кастинг" этабына чыга алдык. Эми алдыда долбоорго катышуучуларды тандоо этабы турат", — дешти Ома менен Эмир Асанбековдор.
Эгиз балдар 12 жашынан бери бий менен алектенет. Учурда Туризм академиясында окуушат.