Манасчы Рысбай Исаковдун айылга каты. ...Үрүп чыккан итиңер да карыптыр

© Sputnik / Табылды КадырбековСобрание "народного курултая" в Русском драматическом театре в Бишкеке
Собрание народного курултая в Русском драматическом театре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар айылга катты манасчы Рысбай Исаков ыр менен жолдоду. Бул саам ал аксакалдан тарта жаңы бүрдөп, өсүп келе жаткан көчөт карындаш-инилерин көз кырынан өткөрүп, ажалдын тузагына түшкөн айылдаштарын эстеди.

Рысбай күнү күлө баккан Өзгөндүн Жээренче айылында 10 бир туугандын арасында чоңойгон. Уулдардын улуусу, үй-бүлөдө улуулата санаганда үчүнчү.

Керек, керек…
Эртеңиме эң керек,
Келечекке кезиксем деп эртерээк.
Кеткен элем…
Азыр болсо мен аны,
Келе жатам көк шилиден желкелеп.
Келет мезгил чеңгелимде энтелеп.

***

Мен кеткенде айыл болчу башкараак,
Азыр бир топ өзгөрүлгөн баштанат.
Кыркма чачтуу секелектер кечээги,
Кылыктанып, боюн сылап, чач тарап,
Кыя карап, өтөт мени акмалап.

***

Ызаланса атып урчу таш менен,
Ыйлаак балдар салабаттуу тартышып.
Кадыресе жигит болгон кези экен,
Кадамын да салмак менен басышып,
Саламын да салабаттуу айтышып.

***

Теңтуштарым очор-бачар… күрү-гүү…
Тентек мүнөз жоголгондой сыягы.
Дале бирок баягыдай күлкүсү,
Дале болсо баягыдай кыялы.

***

Улуу муундар бир топ жашка барыптыр,
Улгайгандар бир топ болуп калыптыр.
Үй-жай, короо, бак-даракты мындай кой,
Үрүп чыккан итиңер да карыптыр…

***

Мен кечээги эртеңимди багынтып,
Алып келсем бүгүнкүмө жалынтып.
Айылдаштар, бир тобуңду шум ажал,

Алган экен тузагына чалынтып.

***

Айылдаштар, тамырлаштар бир өнгөн,
Азып-тозуп, жүрөм четтеп силерден…
Антсе дагы баарыңарды билем мен!
Ар бириңдин жыргалыңа кубанып,
Ар бириңдин кууралыңа күйөм мен!

***

Жүлүнүңдү таарып өтөөр муңдуктун,
Жүзү курсун дейличи анда ый-буктун!
Жүрөктөштөр, силер үчүн мен азыр,
Чымын жаны чыркыраган чындыкмын,
Жүзүңөрдөн көргөнчөктү аза-муң,
Жүрөгүмдү келет отко ыргыткым!

***

Жүрөктөштөр, силер үчүн чындыкмын!..

Жаңылыктар түрмөгү
0