Ийилген бел, тердеген балдар. Балет мектебиндеги жашоодон бир үзүм

© Sputnik / Табылды КадырбековЧ.Базарбаев атындагы балет бийинин тарбиялануучулары сабак учрунда
Ч.Базарбаев атындагы балет бийинин тарбиялануучулары сабак учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө өлкөдө балеттин орду жүрөк жылытарлык эмес. Тээ илгеркидей опера жана балет театрына баргандарды сейрек гана кездештирүүгө болот. Бирок бул тармак азыр болбосо да жыл өтүп жандана турганына ишеним чоң.

Кыргызстанда профессионалдык балет бийчилерин мектеп курагынан тарта даярдаган жалгыз гана мектеп бар. Анын ачылганына аз убакыт гана болсо да бул тармакка талпынган кичине балдардын саны жылдан-жылга көбөйө баштаганына Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы күбө болуп келди.

Профессионалдык балетке барам дегендер эми 1-класстан тарта даярдыктарды көрүп баштаса болот. Буга чейин өлкөдө балетке балдар 12 жашынан гана кабыл алынса, эми чүрпөңүздү 5-6 жашынан мыкты хореографтардын колуна тапшыра аласыз.

Аталган балет мектебинин көркөм жетекчиси Аида Ахматалиева окуу жайга балдар катуу талап менен тандаларын баса белгиледи.

© Sputnik / Табылды КадырбековБалерина болуш оңой эмес. Ага талыкпаган эмгек, күчтүү эрк, талант талап кылынат
Балерина болуш оңой эмес. Ага талыкпаган эмгек, күчтүү эрк, талант талап кылынат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Балерина болуш оңой эмес. Ага талыкпаган эмгек, күчтүү эрк, талант талап кылынат
© Sputnik / Табылды КадырбековКичинекей балет бийчилери жылына эки жолу экзамен тапшырып турат
Кичинекей балет бийчилери жылына эки жолу экзамен тапшырып турат - Sputnik Кыргызстан
2/4
Кичинекей балет бийчилери жылына эки жолу экзамен тапшырып турат
© Sputnik / Табылды КадырбековӨтпөгөнү балет менен коштошот
Өтпөгөнү балет менен коштошот - Sputnik Кыргызстан
3/4
Өтпөгөнү балет менен коштошот
© Sputnik / Табылды КадырбековЖеткинчектер кыйынчылыкка карабай кыялына умтулушат.
Жеткинчектер кыйынчылыкка карабай кыялына умтулушат. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Жеткинчектер кыйынчылыкка карабай кыялына умтулушат.
1/4
Балерина болуш оңой эмес. Ага талыкпаган эмгек, күчтүү эрк, талант талап кылынат
2/4
Кичинекей балет бийчилери жылына эки жолу экзамен тапшырып турат
3/4
Өтпөгөнү балет менен коштошот
4/4
Жеткинчектер кыйынчылыкка карабай кыялына умтулушат.

"Балет дегенди азыр жаштар эмес, чоңдор деле көрбөй калды. Бирок бул тармакка көрүүчүлөр аз келгени менен ал таптакыр эле жоголуп кетти деп айтуудан алыспыз. Балетке кызыккан жаштар көп, андыктан алдыда үмүттөр чоң. Биз азыр мектепке балдарды атайын түзүлгөн комиссия менен 6-7 жашынан баштап эле кабыл ала баштадык. Алар кадимкидей окушат, бирок балет, гимнастика боюнча атайын сабактар да өтүлөт. Жыл соңунда сөзсүз экзамен тапшырып, кийинки класска көчүшөт. Балдардын сырткы келбетине да көп көңүл бурабыз. Мисалы, салмагы оор же бою, буту кыска кыздар бизде окуй алышпайт", — деди Ахматалиева.

Бардык эле каалоочулар балет бийчиси боло албай турганын айткан педагог-хореограф Ирина Исаева ага талыкпаган эмгек, талант, келбет жана күчтүү эрк талап кылынарын кошумчалады.

Восьмилетняя кыргызстанка Томирис Алымсеитова - Sputnik Кыргызстан
Үнүңө береке! "Жамайканы" созуп, казактарды таңыркаткан кыргыз кызы Томирис
"Азыр көпчүлүк балдар көп кыймылдабай телефон, планшет менен отурушат. Бул баланын ден-соолугуна, психологиясына өтө терс таасир тийгизет. Ошондуктан ата-эне баланы башка физикалык кыймылда болуп турушу үчүн ийрим болобу, мектеп болобу, айтор, алаксытыш керек. Бизде болсо өспүрүмдөргө билим берүүдөн тышкары бийге басым жасап, балетке үйрөтөбүз. Балет деле спорт сыяктуу. Күчтүү, эрктүү, таланттууларды жактырат. Албетте, бизде баары оңой эмес. Чоңдор булар жасап жаткан көнүгүүлөрдүн бирин да жасай алышпайт. Бизде талап күчтүү болгондуктан айрымдары чыдабай кетип калат, башка мектепке которулуп кетет", — деди Исаева.

Балет бийчилеринин арасынан эркек балдарды чанда гана кездештирүүгө болот. Мындай чечкиндүү, эрктүү мырзалардын арасында 7 жашар Алихан Сабиев бар. Апасы Нуржан Аламанова баласын балетке берген себебин үй-бүлөсүнүн чыгармачылыкка жакын болгону менен байланыштырды.

© Sputnik / Табылды КадырбековХореографтар балдардын ар бир кыймылына тыкыр көз салат
Бишкекского хореографическое училище имени Ч.Базарбаева - Sputnik Кыргызстан
Хореографтар балдардын ар бир кыймылына тыкыр көз салат

"Балабыз өзү да бийге жакын, анын үстүнө өзүм жетпей калган максаттарды балам аркылуу ишке ашырып, аны профессионалдык бийге бергим келди. Мындан сырткары, бул жакта тартип күчтүү болуп, адамдын руханий жактан өсөт. Балет мектебине барганга чейин Алихан тентек, өзүнүкүн бербеген эрке болсо азыр кадимкидей токтолду", — деди Алихан Сабиевдин апасы.

"Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" дегендей ата-эне баланы кичинесинен материалдык байлыкка эмес, руханий байлыкка кызыктырып алардын жан дүйнөсүн азыктандырууга аракет кылуусу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0