Бишкекте Катар мамлекетинин маданий күндөрү өткөрүлөт

© AFP / RIO DE JANEIROКатар мамлекетинин желеги. Архив
Катар мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий иш-чара 10-майдан 12-майга чейин уюштурулат.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Борбор калаада Катар мамлекетинин маданий күндөрү өткөрүлө тургандыгын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, маданий иш-чара 10-майдан 12-майга чейин уюштурулат.

Работа кинотеатра Люксор в Москве - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Европанын жаңы тасмалары акысыз көрсөтүлөт
10-майда 13:40тан 18:30га чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдындагы аянтчада мааракенин ачылыш аземи жана Катар мамлекетинин улуттук кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү болот.

11-май күнү 18:00дөн 18:30га чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын фойесинде катарлык сүрөтчүлөрдүн эмгектери көргөзүлүп, 18:45те ушул эле театрда көркөм өнөр чеберлеринин концерти өтөт.

12-майда 12:30дан 15:00гө чейин Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын араб залында Катар мамлекетинин чыгармачыл жана илимий окутуучуларынын лекциясы окулат.

Иш-чара 12-май 16:00дө Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда кыргыз жана катар көркөм өнөр чеберлеринин концерти менен жыйынтыкталат.

Аталган иш-чараларга кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0