Фрунзе музейинде 3-мартта ак калпак күнү белгиленет

Жазылуу
Былтыр Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий бекиткен.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Эртең, 3-мартта, Бишкек шаарындагы Михаил Фрунзе атындагы мемориалдык үй-музейинде Ак калпак күнүнө арналган иш чара өтөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Адеп, ыйман жана маданият жылына карата уюштурулуп жаткан салтанаттын алкагында түрдүү формадагы жана кыюудагы калпактар көргөзүлөт.

"Келген конокторго жана катышуучуларга калпактын түрлөрү сунушталып, музейдин кызматкерлери ак калпактын тарыхын, ал тууралуу уламыштарды айтып беришет", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ак калпак майрамы 2011-жылдан бери майрамдалып келет. 2016-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий бекиткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0