Россиялык ырчы Филипп Киркоров бүгүн бишкектиктердин көңүлүн көтөрөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЦеремония вручения Российской национальной музыкальной премии
Церемония вручения Российской национальной музыкальной премии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киркоров эки жарым сааттай шаардыктыктардын маанайын жандуу ырдап ачат.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Филипп Киркоровдун бүгүн Бишкекте боло турган концерти кызыктуу болорун уюштуруучулар билдирди.

Өнөрпоз Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында ырдайт.

"1,5 миңден ашык билет сатылды. Кассада дагы билеттер бар", — деди уюштуруучулар.

Орус ырчысы бишкектиктерге "Я" аттуу концертин тартууламакчы. Киркоров эки жарым сааттай шаардыктыктардын маанайын жандуу ырдап ачат. Андан сырткары, баргандар кайталангыс шоу-программа күбө болору айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0