"Айкөл Манас" спектакли бир апта бою Өзбекстандын театрларында коюлат

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы Бабур атындагы өзбек драм театры. Архив
Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек драм театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстанга бара жаткан чыгармачылык топто 46 киши бар. Алар Анжиян, Наманган, Фергана шаарларын кыдырып, "Айкөл Манас" спектаклин коюшат.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандын маданий ишмерлери бүгүн, 10-февралда Өзбекстанга бир жумалык гастролго жөнөп кеткенин  Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек драм театрынын директору Набижан Мамажанов билдирди.

Ал маданий жактан мындай жакындашуу кыргыз-өзбек бийлигинин акыркы убактарда бири-бирине болгон жылуу мамилесинин жыйынтыгынан улам болуп жатканын кошумчалады.

XI Форум творческой и научной интеллигенции стран — участниц СНГ - Sputnik Кыргызстан
Гүлшан Молдоева сүйлөө чеберчилиги боюнча академия ачты
Мамажанов Өзбекстанга бара жаткан чыгармачылык топто 46 киши бар экенин алар Анжиян, Наманган, Фергана шаарларын кыдырып, "Айкөл Манас" спектаклин коюшарын баса белгиледи.

Эске кертсек, былтыр октябрь айынын аягында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адахам Икрамов баштаган өзбек делегациясы келип, аны кыргыз тарап кучак жая тосуп алган. Анда ОшМУ менен Анжиян мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга ректорлор — Каныбек Исаков менен Икрамжон Юлдашев кол коюшкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0