Кыргызстандык айым дүйнөдөгү беш сулуунун катарына кирди

© Фото / Рыскуль НамазбековаМеждународный конкурс Mrs. Top Of The World — 2016
Международный конкурс Mrs. Top Of The World — 2016 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык айым Индияда өтүп жаткан сулуулук сынагында 5-орунга ээ болду. Буга чейин ал өлкө атынан Кытайдагы "Аалам айымы-2016" сынагына катышып, "Ишкер айым" титулуна татыган.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын атынан Индиядагы "Mrs Top Of The World – 2016" сулуулук сынагына катышкан Наргиза Осмонова 5-орунду ээлегенин улуттук сынактардын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди. 

Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Нью-Делиде башталган келиндер арасындагы сынак жумага караган түнү аяктады. Финалда Осмонова алдыңкы беш сулуунун катарына кирип, натыйжада 5-орунду ээледи.

Конкурс красоты Mrs. Top Of The World в Индии - Sputnik Кыргызстан
Индияда өтүп жаткан сулуулар сынагынын айымдары Кыргызстанга салам жолдошту
Ал эми Санкт-Петербургдан келип, Батыш Европанын атынан катышкан Элвира Лесничная конкурстун жеңүүчүсү аталды. Биринчи вице-миссис наамы украиналык айымга ыйгарылса, экинчилик бельгиялык айымга берилди. Ал эми үчүнчү вице-миссис болуп индиялык айым аталды.

Сынактын баш бейгеси үчүн 30 өлкөдөн келген айымдар беш күн бою ат салышты. Быйыл конкурс өз ара мамилелердин көйгөйүнө жана социалдык курч маселелерге арналган. Конкурстун катышуучулары бир гана сулуулугун эмес, коомдогу маселелерди чечүүнүн жолдорун да сунушташы керектиги иш-чаранын расмий сайтында маалымдалат.

Бул конкурс 2013-жылдан бери өтүп келет. Ага үй-бүлөлүү айымдар катышат. Наргиза Осмонованын эки кызы жана бир небереси бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0