16:53 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Маданият

"Дүйнө сулуусу-2016" сынагына катышкан КР сулуусу саламдашкан видеосун көрсөттү

Кыскача шилтеме алуу
145131
Youtube/ OfficialMissWorld

Былтыр Кыргызстандын намысын "Кыргызстан сулуусу-2015" титулунун жеңүүчүсү Таттыбубу Самидин кызы коргогон.

"Дүйнө сулуусу-2016" бүткүл дүйнөлүк сулуулук сынагынын сайтына кыргызстандык Перизат Расулбек кызынын саламдашкан видео жазуусу чыкты.

АКШда өтө турган беделдүү "Дүйнө сулуусу-2016" сынагына Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Перизат Расулбек кызы чыгат. Ал бул сынакка катышуу укугун "Кыргызстан сулуусу-2016" сынагын жеңгенден кийин алган.

"Саламдашуу жана өзүн тааныштыруу видео жазуусун тартуу иштери Кыргызстандын төрт облусунда өткөн. Өлкөнүн кооздугун көрсөтүү үчүн атайын кооз жерлер тандалып алынган", — дейт моделдик долбоорлор компаниясынын мүдүрү Таттыбүбү Самидин кызы. 

Видеодо сынактын катышуучусу өлкөнүн кооздугу, киндик кан тамган жери, сүйүктүү шаары, хоббиси жана жогорку окуу жайы тууралуу айтып берген.

Бьюти мелдеш 110дон ашык өлкөдөн келген сулуулардын катышуусунда 26-ноябрдан 18-декабрга чейин АКШнын борбору Вашингтондо өтөт.

"Кыргызстан сулуусу — 2016" наамынын ээси Перизат Расулбек кызы менен маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Тема боюнча

Бегим Алмасбекова Филиппинде улуттук кийим боюнча сынакта коло медалга ээ болду
"Дүйнө сулуусу-2016" сынагына Кыргызстандан Перизат Расулбек кызы барат
Белгилер:
сулуулар сынагы, сулуулук, видео, Перизат Расулбек кызы, АКШ

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ