"Сүтак" Севастополдо өткөн "Алтын баатыр" фестивалынын баш байгесине татыды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Сүтак" тасмасынын режиссеру Мирлан Абдыкалыков. Архив
Сүтак тасмасынын режиссеру Мирлан Абдыкалыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган тасма буга чейин "Ак илбирс", "Ника" сыйлыктарына ээ болгон.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. "Сүтак" тасмасы Севастополдогу "Алтын баатыр" (Золотой Витязь) фестивалынын баш байгесине татыды. Бул тууралуу тасманын тең продюсери Алтынай Койчуманова билдирди. 

Сүтак тасмасынын башкы каарманы Табылды Актанов Ак Илбирс улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи учурунда. - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" "Ак Илбирстин" баарын илип кетти
Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы "Ак илбирс" улуттук киносыйлыкта дагы бир катар номинациялар боюнча мыкты аталган.

Андан мурдараак "Ника" киносыйлыгынын "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясында жеңишке жетишкен

Белгилей кетсек, "Сүтак" дүйнөнүн булуң-бурчунда өткөн бир катар эл аралык кинофестивалдарда баш байгелерди жеңип келет.

"Мыкты чет элдик тасма" катары Оскар киносыйлыгынын узун тизмесине да киргизилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0