БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы "Ника" киносыйлыгынын "КМШ жана Балтика мамлекеттеринин мыкты фильми" категориясы боюнча ийгиликке жетти.
Сыйлыкты тапшыруу аземи Москвадагы "Русская песня" залында өттү.
"Никанын" "КМШ жана Балтика мамлекеттеринин мыкты фильми" категориясы боюнча Гризиянын, Эстониянын, Украинанын жана Литванын режиссерлорунун эмгектери ат салышкан. "Сүтак" — адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салт тууралуу тасма. "Айтыш-фильм" тарабынан "Ой Арт" студиясы менен биргеликте тартылган тасма бир катар эл аралык кинофестивалдардын баш байгесин багындырган.
"Ника" сыйлыгы 1988-жылдан бери тапшырылып келет. 90-жылдан тарта жеңүүчү жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат. Мыктылар жеңиштин канаттуу периштесинин элеси чагылдырылган статуэткага ээ болушат. Сыйлыкты Юлий Гусман негиздеп, анын көркөм жетекчиси болсо, Андрей Кончаловский 604 академиктин башын бириктирген киноакадемиянын президенти.