Бишкекте татар элинин эмгек ардагерлери концерт берет

Жазылуу
Ансамбль элдердин арасындагы достук мамилелердин бекемдөө максатын көздөйт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкек шаарында татар элинин "Дустлык" ансамблинин концерти тартуулана турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Бишкекте 140 өлкөнүн балдары катышкан "Тил жана маданият" фестивалы өтүп жатат
Эмгек ардагерлери коё турган концерт 14-майда саат 14.00дө Фучик паркында жайгашкан маданият үйүндө өтөт. Иш-чара Тарых жана маданият жылынын алкагында татар элинин улуу акыны жана коомдук ишмер Габдула Тукайдын 130 жылдыгына арналууда.

14 жыл мурун негизделген ансамбль элдердин арасындагы достук мамилелердин бекемдөө максатын көздөйт.

Концертке кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0